Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Токой пайдалануудагы төлөмдөр электрондук форматта жүргүзүлүүдө – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Токой пайдалануудагы төлөмдөр электрондук форматта жүргүзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинине караштуу Токой кызматы тарабынан “Токой пайдалануу” автоматташтырылган системасы иштелип чыгып, төлөмдөрдү терминалдар жана мобилдик тиркемелер аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

МТФнын жерлерин пайдалануу үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча “Токой пайдалануу” автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүүнүн максаты – МТФды пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн эсебин алууну, токойлордун продуктуулугун эсепке алуу, коргоо, сактоо, калыбына келтирүү жана түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бюджеттик программанын чараларын ишке ашыруу үчүн токой чарбалары боюнча төлөмдөрдү идентификациялоону камсыз кылуучу атайын автоматташтырылган маалыматтык системаны түзүү, ошондой эле МТФны пайдалануу үчүн акы төлөө үчүн натыйжалуу инструментти берүү жана учурдагы бизнес-процесстерди оптимизациялоо болуп саналат.

Автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизүү төмөнкүдөй жыйынтыктарды электрондук форматта берет:

1) жүргүзүлгөн төлөмдөрдү натыйжалуу көзөмөлдөөнү;

2) токой чарбалары жана пайдалануунун түрлөрү боюнча төлөмдөрдү идентификациялоону;

3) ар кандай финансылык инструменттер (төлөм терминалдары, электрондук капчыктар ж.б.) аркылуу алыскы региондордо төлөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн);

4) жүргүзүлгөн төлөмдөрдү 41 токой чарбасынын атайын эсептерине чегерүү.

Мындан тышкары, учурда токой кызматы тарабынан маалыматтык системаны модернизациялоого жана өркүндөтүүгө техникалык тапшырма иштелип чыгууда. Техникалык тапшырма өзүнө аларды ишке ашыруу жаңы кызматтарды кошууга жана төлөмдөрдү накталай эмес формага которууга алып келе турган бир катар жаңы модулдарды жана милдеттерди камтыйт, ошондой эле жыйынтыкталган отчетторду генерациялоо жана токойду пайдалануу үчүн акы төлөөнүн мөөнөттөрү жөнүндө токой пайдалануучуларга кабарлоо системасын киргизүү функциялары ишке ашырылат.

Show More
Back to top button