Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Карантинге алынуучу продукциянын импорту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Карантинге алынуучу продукциянын импорту

2023-жылдын 9-15-июнуна карата карантинге алынуучу продукциянын импорту 17 миң 225 тоннаны түздү.

1. Чүй облусуна 7 миң 815 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 141 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы түзүлгөн. Башка продукцияларга салыштырмалуу Чүй областынан дан эгиндери 2574 тонна Россия, Пакистан өлкөлөрүнөн импорттолуп келген.

2. Ошоблусуна 6 миң 718 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 878 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу Ош областына бакча өсүмдүктөрү (дарбыз, коон) 3437 тонна Өзбекстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

2. Баткен облусуна 1 миң 544 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 89 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу жашылчалар 725 тонна Өзбекстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

4. Жалал-Абад облусуна  1053 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 13 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Ушул жумада Жалал-Абад областына, башка продукцияларга салыштырмалуу, дарбыз 690,5 тонна, сабиз 170,4 тонна Өзбекстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

5. Нарын облусуна 466,1 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 21 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу жаңгактар 295,7 тонна Кытай өлкөсүнөн импорттолуп келген.

6. Талас облусуна 95 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 2 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Талас областына ун 95 тонна Казакстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

Show More
Back to top button