Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бир жумада импорттун көлөмү 17 миң 843 тоннаны түздү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бир жумада импорттун көлөмү 17 миң 843 тоннаны түздү

2023-жылдын 8-14-сентябрына карата карантинге алынуучу продукциянын импорту 17 миң 843 тоннаны түздү.

1. Чүй облусуна 13 миң 239 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 144 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Бул аралыкта 8032 тонна дан эгиндери Россия, Казакстан, Пакистан өлкөлөрүнөн импорттолуп келген.

2. Ош облусуна 2 миң 351 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 362 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Бул аралыкта 1510,7 тонна азык-түлүк продукциясы Россия, Казакстанөлкөлөрүнөн импорттолуп келген.

3. Нарын облусуна 960 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 36 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы жазылган. Бул аралыкта 741,8 тонна жаңгак Кытай өлкөсүнөн импорттолуп келген.

4. Баткен облусуна 627 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 36 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Бул аралыкта 460 тонна жемиш, 39 тонна коон жана дарбыз Өзбекстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

5. Жалал-Абад облусуна 472 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 6 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Бул аралыкта 280 тонна буудай Россия өлкөлсүнөн импорттолуп келген.

6. Талас облусуна 199,3 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 10 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы жазылган. Бул аралыкта 173 тонна пияз,  20 тонна ун, 6,3 тонна коон Казакстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

Show More
Back to top button