Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Эт азыктарынын коопсуздугу боюнча техникалык регламенттерге өзгөртүүлөрдү киригизүү жөнүндө – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Эт азыктарынын коопсуздугу боюнча техникалык регламенттерге өзгөртүүлөрдү киригизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Бажы бирлигинин «Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине өзгөртүүлөр киргизилип жаткандыгы тууралуу эт азыктарын өндүрүүчүлөргө маалымдайт (ТР ТС 034/2013).

Бул өзгөртүүлөргө ылайык өндүрүүчү маркировкада белоктун жана майдын курамы боюнча так маалыматты көрсөтүүсү керек, б.а. белоктун жана майдын курамынын иш жүзүндө жол берилүүчү чеги  белгиленет.

Мисалы, мамлекеттик мониторинг жүргүзүүдө эт азыктарын маркировкалоодо көрсөтүлгөн белоктун курамынын азыктык баалуулугу  20%дан төмөн, ал эми майлуулугу 20%тен ашпоого тийиш. Бирок балдар тамак-ашы үчүн эт азыктарында белоктун жана майдын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрү ТС 034/2013 № 4 тиркемеде белгиленген деңгээлден ашпоого тийиш.

Урматтуу эт азыктарын өндүрүүчүлөр, ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына туура келбеген продукцияны алып коюуну болтурбоо үчүн киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү эске алыңыздар. Техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү  долбоору 2023-жылдын 27-сентябрында кол коюлгандан кийин  30 ай өткөндө күчүнө кирет.

Show More
Back to top button