Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Көлмөлөрдүн геомаалыматтык тутумун изилдөө иштери жакшырат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Көлмөлөрдүн геомаалыматтык тутумун изилдөө иштери жакшырат

Кыргызстандын аквамаданиятын өнүктүрүү, балык чарба секторунун бирдиктүү маалыматтык санарип жана графикалык базасын түзүү үчүн Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментине заманбап компьютердик жабдуулар тапшырылды.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан “Борбордук Азияда, Азербайжанда жана Түркияда балык уулоону жана аквакультураны туруктуу башкаруунун потенциалын түзүү” долбоорунун алкагында техникалык жабдуулар менен камсыздалды.

Бүгүнкү күндө берилген санариптик жабдуулар республиканын аймагында жайгашкан көлмөлөрдүн геомаалыматтык тутумун изилдөө үчүн уникалдуу комплекс болуп саналат.

Алынган жабдуулардын аркасында балык чарба департаментинин Геопорталы балык чарбаларынын жана көлмөлөрдүн саны жөнүндө актуалдуу санариптик маалыматтар менен жаңыртылат. Бул маалымат мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, потенциалдуу инвесторлорго, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга, мисалы, мамлекеттик балык чарба кызматтарын санарип форматта алуу үчүн жеткиликтүү жана пайдалуу болот.

Show More
Back to top button