Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кунарсыз жерлердеги бакчалар – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарТокой чарба кызматы

Кунарсыз жерлердеги бакчалар

✅Эмгекчилдик, демилгелүүлүк, максатка умтулуу, өз ара жардамдашуу ийгиликтерди, берекелерди алып келерин Достук айыл өкмөтүндө түзүлгөн мөмө-жемиш бакчалары ачык-айкын көрсөтүп турат.

✅Айыл тургундарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күжүрмөн биргелешкен эмгегинин натыйжасында 315 га кургак жана кунарсыз жерлерге алча (черешня) бакчасы түзүлүп, 260 га аянтка ирригациялык инфраструктуралык курулмалар уюштурулуп, 350 гектар жерге малдан коргоо үчүн тосмолор орнотулду.

✅Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Достук айыл өкмөтү Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикасында токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбоорунун 2.3 “Деградацияланган муниципалдык токойлорду калыбына келтирүү” подкомпонентинин алкагында тандалып алынган 6 пилоттук айыл өкмөттөрдүн ичинен эң активдүү айыл өкмөттөрүнүн бири болуп саналат.

✅Долбоордун алкагында Достук айыл өкмөтүнө 17 934 197 сомдук колдоо көрсөтүлүп, анын ичинен 4 суу сактоочу жай (700м3), суу түтүктөрү (4,5 км) жана тамчылатып сугаруу системасын орнотуу- 9 990 697 сомго, тосмолорду орнотуу – 2 329 000 сомго, мөмө-жемиш бакчасын уюштуруу үчүн 3 189 000 сомго 25 512 алча көчөттөрү берилди. Мындан тышкары, мөмө-жемиш бакчаларын отургузуу, кароо жана калыбына келтирүү үчүн 2 425 500 сомго кичи айыл чарба техникалары жана жабдуулары сатылып берилди.

Өз кезегинде бул амбициялуу долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү тургундар жана айыл өкмөттөрү эбегейсиз иштерди аткарып, 26 миллион сомдон ашык өздүк каражатты жумшашкан. Өздөрүнүн салымы катары тосмолорду орнотуу, тамчылатып сугаруу системаларын, көчөт отургузуу иштерин толугу менен колго алышты. Келечекте алар 500 гектарга жакын аянтка мөмө-жемиш бакчаларын кеңейтүүнү пландап жатышат.

✅Былтыр күзүндө отургузулган алча көчөттөрү отургузулгандан кийин 4-5 жылдан кийин туруктуу түшүм бере баштайт. Достук айыл өкмөтү кунарсыз жерлерди эффективдүү пайдалануу жана жергиликтүү калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн агротокой чарба ыкмаларын колдоно баштады. Бул ыкма айлана-чөйрөнү жакшыртуу аркылуу экологиялык пайда алууга жана алчанын катар арасына эгилген дарбыз жана коон өстүрүү менен экономикалык пайда алууга мүмкүндүк берет

✅Бүгүнкү күндө бул иштердин натыйжасы байкалууда, деградацияланган участоктордо чөптөр пайда болду, кыртыштын сапаты жана биологиялык ар түрдүүлүк жакшырууда. Жалпысынан ландшафта өзгөрүү бар.

Мындай демилгелерди жайылтуу жакырчылыкты кыскартуу, жумуш орундарын түзүү, жергиликтүү калктын кирешесин жогорулатуу маселелерин чечүүгө жардам берет, бул конкреттүү айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет.

Show More
Back to top button