Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Мамлекеттик токой фондунан тышкары аз өндүрүмдүү жерлерди өздөштүрүү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Мамлекеттик токой фондунан тышкары аз өндүрүмдүү жерлерди өздөштүрүү

Өткөн жылдын күз айларында Ноокен районуна караштуу Достук айыл өкмөтүндө 300 гектар аянтка бак тигүү иштери башталган. Бүгүнкү күндө жергиликтүү коомчулук жана айыл өкмөт тарабынан 133 гектарга алча көчөттөрү отургузулуп бүтүп, калган 167 гектарга быйыл жазда отургузулат.

Бул иш-чара Токой чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан ТЭИБ долбоорунун колдоосунда пилоттук айыл өкмөттөрдүн (муниципалитеттердин) аймагында жайгашкан деградацияланган токойлорду калыбына келтирүү максатында жүргүзүлүүдө. Отургузуу иштерин жүргүзүү үчүн Достук айыл өкмөтүнө 25 512 түп алча көчөттөрү өткөрүлүп берилди.

Сугат суу менен камсыз кылуу жана кунарсыз муниципалдык участокторун өнүктүрүү максатында 5 суу сактагыч курулуп, анын ичинен көлөмү 400м3 болгон 1 суу сактагыч, ар бири 100м3 3 суу сактагыч курулган, 3 чакырымга жакын жерге төшөлгөн, диаметри 160 мм болгон өткөрүүчү түтүктөр, диаметри 110 мм болгон 1,5 километрден ашык откоруучу түтүктөр орнотулду.

Show More
Back to top button