Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Мамлекеттик ресурстарга жетүүнүн ачык жана адилеттүү системасын түзүү, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн кластердик механизми үчүн шарттарды түзүү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарКластердик өнүктүрүү

Мамлекеттик ресурстарга жетүүнүн ачык жана адилеттүү системасын түзүү, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн кластердик механизми үчүн шарттарды түзүү

Мамлекеттик ресурстарга жетүүнүн ачык жана адилеттүү системасын түзүү, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн кластердик механизми үчүн шарттарды түзүү:

АЧМ өткөн аптада банктардын алдын ала тизмени жокко чыгарды.

*Кошумча кластердик бирикмелердин жетекчилерине Жогорку Кеңештин депутаттарынын сунуштарын талдоо жолу менен жыйынтык чыгаруу сунушталды.

* КР АЧМ кырдаалга талдоо жана сунуштарды берүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынан, мамлекеттик банктардан, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинен, жарандык коомдон жана 9 кластердик бирикмелерден турган түзүмдөр аралык комиссия түзүү буйругун чыгарды, отурум 21-апрелге белгиленди.

Жеңилдетилген кредиттердин тизмеси жана бөлүштүрүлүшү жөнүндө:

* Агрегаторлордун алдын ала тизмеси Кластердик ассоциациялар тарабынан берилген. Азыркы учурда Кластердик бирикмелерге катышуу үчүн калыптандыруу иштери жүргүзүлүүдө , кандай болгон күндө да мамлекеттик банктар аларды өз тартибине жараша жекече баалайт, акыркы сөз алардыкы.

* Насыялар бериле элек, анткени банктар КР ФМнен каражаттарды ала элек!

Кластердик мамилени колдоо тутумунун ачыктыгы:

* Айыл чарба министрлигинин (АЧМ) алдында кластердик өнүктүрүү кеңеши түзүлгөн, ага 9 кластердик бирикменин жетекчилери, Тышкы иштер министрлиги(ТИМ), Экономика Министрлиги (ЭМ), Финансы Министрлиги (ФМ), жана 2 тармактык институттун (Кыргыз мал чарба жана дыйканчылыкты изилдөө институту), 2 ЖОЖ. ( К.И.. Скрябин атындагы КУАУ жана И.Раззаков атындагы КМТУ.), 2 мамлекеттик банк ( РСК жана Айыл банк) жана Гарантиялык фонд.

Кеңештин отурумунда азык-түлүк коопсуздугунун алкагында ар бир кластердик бирикмени өнүктүрүүнүн келечектүү мастер-пландары жана аларды колдоонун жолдору, анын ичинде ресурстарга болгон муктаждыгы (каржы, жер, инфраструктура, кадрлар, илим менен байланыш ж.б.) каралат. Андан кийинки кеңеш “Агро өнөр жай комплексин өнүктүрүүнү кредиттөө” долбооруна катышкан мамлекеттик банктарга каржылоо боюнча тармактык түзүмдөрдүн кароосуна өздөрү берген материал боюнча сунуш кылат. Мамлекеттик банктар өз кезегинде арыздарды учурдагы банк процедурасы боюнча жекече карап чыгышат.

Маанилүү!!!

* АЧМ кластердик бирикмелердин реестрин гана жүргүзөт, ал эми катышуучулардын реестрин (тизмесин) кластердик бирикмелер өздөрү жүргүзөт жана маалымат үчүн АЧМне берилет, бул мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсүн минималдаштыруу жана кластердик бирикменин катышуучуларынын арасында өз ара аракеттенүүнү жана жоопкерчиликти күчөтүү үчүн киргизилген.

Агро өнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн кластердик механизминин иши калыптануу учурунда, бул КР үчүн жаңы механизм, негизги кыймалдыткыч болуп иштеп жаткан же жаңы түзүлүп жаткан айыл чарба чийки заттарын кайра иштетүүчү ири ишканалар (агрегаторлор) болууга тийиш, алардын айланасында өнүктүрүү процессинде келишимдик мамилелердин негизинде кооперация жолу менен майда жана ири фермердик чарбалар бириктирилет. Бул иштин логикасы Кошулган нарктын түзүлгөн тизмегине инновациялуулукту (илим, ЖОЖдор менен өз ара аракеттенүү аркылуу) киргизүү үчүн, биринчи кезекте, чийки затты өндүрүүчү-фермердин деңгээлинде, өз ара пайдалуу негизде, фермерлер менен агрегаторлордун ортосундагы өндүрүштүк мамилелерди келишимдик шарттарда бекемдөө жана өркүндөтүү жүргүзүлөт. Натыйжада эки тараптын тең кызыкчылыгынын негизин түзүү, бул  заманбап технологияларын, өсүмдүк жана мал чарбасындагы селекциянын жаңы түрлөрү, техника жаатындагы жаңы жетишкендиктерин киргизүү жолу менен кирешелердин жогорулашына алып келиши керек, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, бул өз кезегинде кластердин ар бир жигердүү катышуучусунун болжолдонгон кирешелеринин жогорулашына алып келет.

Маанилүү!!!

Түзүлгөн 9 кластердик бирикмени (КБ) өркүндөтүү процесси жаңы гана башталды жана бүгүн баарына ачык! 

Каалоочулар кластер баштоочуларынын бардык маалыматтарын жана байланыштарын Айыл чарба министрлигинин веб- сайтынан ала алышат.

Show More
Back to top button