Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кадамжай жана Ноокат райондорунда пилоттук сыноо үчүн агрометеостанциялар орнотулду – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кадамжай жана Ноокат райондорунда пилоттук сыноо үчүн агрометеостанциялар орнотулду

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги “Гуд Нейборз Интернэшнл” эл аралык бейөкмөт уюму менен өнөктөштүктө жана Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) колдоосу менен Баткен жана Ош облустарында “Санариптик айыл чарба платформасын тестирлөө жана агрометиостанцияны ишке киргизүү” аталышындагы дыйкан фермерлерге демонстрациялык семинар өткөрдү.

Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Ош облусунун Ноокат районунда пилоттук сыноо үчүн агрометеостанциялар орнотулду. Бул агрометеостанциялар фермерлерге аба ырайын маалымдоо, илдеттерди жана зыянкечтерди болжолдоо жана топурактын абалы жөнүндө ыкчам маалымат алууга реалдуу режимде мүмкүнчүлүк берет.

Агрометеорологиялык станциянын маалыматтары Telegram Web тармагында күн сайын жаңыланып жана толукталып турат

Бул демилге Кыргыз Республикасында багбанчылыкты өнүктүрүү үчүн санариптештирүү жана дыйкан фермерлерге керектүү маалыматты жеткирүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат.

Show More
Back to top button