Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Сапатка жана так аныктоого кепилдик! – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарХимиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо Департаментинин

Сапатка жана так аныктоого кепилдик!

Борбордук жана Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториялары

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү мол болушу үчүн өз убагында сапаттуу жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын оптималдуу нормасын колдонуу зарыл.

Лабораториянын негизги милдети – сапаты төмөн каражаттардын өлкөгө киргизилишинин жана пайдаланылышынын алдын алуу, айлана чөйрөгө жана калктын саламаттыгын сактоо үчүн өлкөгө алынып келген органикалык, минералдык жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын сапатын аныктоо.

Жылдан жылга айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн сапаттуу түшүм алуу максатында, топурактын жана жер семирткич жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын сапатын текшерип алып, колдонуусу көбөйүүдө. 2021-жылдын 1 кварталында баардыгы 80 үлгүгө лаборатордук сыноо жүргүзүлсө, 2022-жылдын 1 кварталында 113 үлгүгө лаборатордук сыноо жүргүзүлүп, былтыркыга салыштырмалуу 33 үлгүгө көп жүргүзүлгөн. 

Лабораторияларда төмөнкү анализдер жасалат

Анализдин түрү1 үлгүнүн баасы, сом
1Минералдык жана органикалык жер семирткичтердин сапатын аныктоо  1572 с.
2Минералдык жер семирткичтердин топурак, суу жана өсүмдүктөгү калдык санын аныктоо  1572 с.
3Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын сапатын аныктоо  1572 с.
4Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын топурак, суу жана өсүмдүктөгү калдык санын аныктоо  1572 с.
5Топурактын агрохимиялык анализин жасоо : Топурактын курамындагы азот, фосфор жана калийдин формаларын, гумустун камтылышын жана топурактын рН чөйрөсүн аныктоо  1034 с.

Дареги: Борбордук адистештирилген контролдук-токсикологиялык лаборатория,

КР, Чүй областы, Сокулук району, Военно-Антоновка айылы, Токтогул көчөсү, №3

Телефон /факс: 03134 6-36-41, 0700008767

E-mail: csktl03@mail.ru

Дареги: Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лаборатория,

КР, Ош шаары, Кара-Суу көчөсү, № 2

Телефон/факс: 03222 8-44-33, 0778 828 716, 0500 003 051

E-mail: abdura56@mail.ru

Show More
Back to top button