Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ак-Талаа районундагы токой жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин сиңирилишин жогорулатуу долбоорунун презентациясы өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Ак-Талаа районундагы токой жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин сиңирилишин жогорулатуу долбоорунун презентациясы өттү

“Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы” (CS-FOR) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жумушчу топ Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургундары жана активи менен жолугушту. 

Аталган жолугушууда катышуучуларга климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жеңилдетүү,   ага туруштук берүүнүн негизги багыттары жана долбоордун алкагында аткарыла турган иш-чаралар жөнүндө маалымат берилди.  

Долбоордогу белгиленген иш чаралар 2030-жылга чейин уланып, 3 багытта жүргүзүлөт. Алар табигый ресурстарды далилдүү башкарууну күчөтүү, токойлорду, жайыттарды калыбына келтирүү үчүн жашыл инвестицияларды тартуу жана климатка сезгич нарк чынжырларын өнүктүрүү.

“Акыркы 150 жылда жердин климаты кескин өзгөрүп, дүйнө коомчулугу климаттын өзгөрүшүн глобалдуу жана эң олуттуу көйгөй катарында эсептейт. Климаттын өзгөрүүсүнүн негизги себеби – адамдардын чарбалык иш-аракеттери. Көмүр, мунай жана газды жылытууга пайдалануудан келип чыккан парник газдары жерди чулгап, күндүн ысыгын кармап, абанын температурасын жогорулатат. Кыргызстанда акыркы 40 жылда абанын жылдык орточо температурасы 0,8°C жогорулаган. Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу табигый кырсыктардын саны да өсүүдө. Акыркы 10 жылда өзгөчө кырдаалдардын саны 2097 жолу катталып, мурунку 15 жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйгөн”, – деп билдирди долбоордун климаттын өзгөрүүсү жана экосистемалар боюнча адиси Венера Сураппаева.

Климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы долбоору, жогоруда аталган коркунучтардын деңгээлин төмөндөтүү үчүн парник газдарынын абага чыгуусун азайтууга багытталган иш-аракеттерди аткарууну көздөйт.

Аталган иш чаралар 2030-жылга чейин уланып, 3 багытта жүргүзүлөт. Алар: табигый ресурстарды далилдүү башкарууну күчөтүү, токойлорду, жайыттарды калыбына келтирүү үчүн жашыл инвестицияларды тартуу жана климатка сезгич нарк чынжырларын өнүктүрүү.

Долбоордун максаттуу төрт аймагына, Ак-Талаа, Сузак, Тогуз-Торо жана Өзгөн (Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустары) райондору кирет. Аталган райондор климаттык сезгич зоналарда жайгашып, климаттык коркунучтарга дуушар болушат. Бул аймактарда акыркы 27 жылдын ичинде орточо жылдык температура 1,5°C га же андан ашык көрсөткүчкө жогорулаган.

“Аталган долбоорду ишке ашыруунун алкагында 6000 га жер аянтында токой тилкелери түзүлүп, калыбына келтирилет. Бүгүнкү күндө көмүр кычкыл газын абадан тазалоону бак-дарактар менен жайыттарды өнүктүрүү аркылуу гана аткарса болот. Ошол максатта ар бир максаттуу райондордо 1250 га аянтта өзгөчө Тянь-Шань, терек жана башка эндемикалык дарактар тигилет», – деп белгиледи Канатбек долбоордун токой чарбасы боюнча эксперти.

Мындан тышкары пилоттук райондордун тургундарына жеңилдетилген насыялар берилип, жашыл долбоорлорду ишке ашырууга бизнес пландарды сапаттуу даярдоону окутуу семинар, тренингдери өтөт.

Долбоордун презентациясынын жыйынтыгы менен жумушчу топ Ак-Талаа токой чарбасы жана анын токой питомнигинин ишмердүүлгү менен таанышып чыгышты.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин карашту Токой кызматы, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС), Россия-Кыргыз өнүгүү фонду жана Бириккен Улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан ишке ашырылат.

Show More
Back to top button