Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Суу ресурстарын, объектилерин көзөмөлдөө алуу максатында Бишкек шаарынын жана Аламүдүн районунда атайын мониторинг жүргүзүлдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Суу ресурстарын, объектилерин көзөмөлдөө алуу максатында Бишкек шаарынын жана Аламүдүн районунда атайын мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Мамлекеттик жер жана суу инспекциясынын иш планына ылайык, 2021-жылдын 29-апрелинде суу ресурстарын, объектилерин көзөмөлдөө жана суу мыйзамдарынын бузулушунун алдын алуу максатында Бишкек шаарынын жана Аламүдүн районунда атайын мониторинг (сурамжылоо) жүргүзүлдү.

Мониторинг жүргүзүү учурунда, Аламүдүн районунун Биримдик конушунун Берекет көчөсүнүн жашоочусу  А.А. үйүндө мончо иштетип, андан чыккан саркынды сууларды Берекет көчөсүн бойлой кеткен дренаждык тутумга кошуп салгандыгы аныкталып, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 50-беренси жана Кыргыз Республикасынын Суу жөнүндө мыйзамынын 44-беренелери менен айыпталды. Жыйынтыгында акт түзүлүп, 2021-жылдын 1-майына чейин бузууларды четтетүү боюнча милдеттеме берилди.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын Элебесова/Аул көчөлөрүнүн кесилишиндеги көлмөнүн жээгинде жайгашкан автогаз куючу жана май алмаштыруучу жайлардын ээлерине Кыргыз Республикасынын “Суу жөнүндө” мыйзамынын 44-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралу” жобосунун 10-пунктунун талаптары бузулгандыгы боюнча түшүндүрү иштери жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күндө башкармалык тарабынан, жогорудагы табылган бузууларды аталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button