Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бир жумада экспорттун көлөмү 6 миң 308 тоннаны түздү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бир жумада экспорттун көлөмү 6 миң 308 тоннаны түздү

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 18-24-августуна карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 6 миң 308 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Экспорттук көлөмү боюнча:

1. Чүй облусунан 3 миң 906 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 479 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Чүй облусунан башка продукцияларга салыштырмалуу 1397 тонна жашылча Россия, Казакстан жана Польша өлкөлөрүнө экспорттолгон.

2. Ош облусунан 1 миң 249 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 82 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ош облусунан 581 тонна жемиш Россия өлкөсүнө экспорттолгон.

3. Талас облусунан 504 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 88 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Талас облусунан 191 тонна буурчак өсүмдүктөрү Роосия, Грузия, Пакистан өлкөлөрүнө экспорттолгон.

4. Баткен облусунан 474 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 21 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Баткен облусунан башка продукцияларга салыштырмалуу 232 тонна сарымсак Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.

5. Жалал-Абад облусунан 98,5 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 9 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Жалал-Абад облусунан 30 тонна кургатылган жемиштер Россия, Германия өлкөлөрүнө экспорттолгон.

6. Ысык-Көл облусунан 77 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 20 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ысык-Көл облусунан 77 тонна жемиш Казакстан, Россия өлкөлөрүнө экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин тыкыр текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Show More
Back to top button