Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр “Катта-Талдык” асыл тукум мамлекеттик заводундагы уяң жүндүү койлордун башын көбөйтүүнү тапшырды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министр “Катта-Талдык” асыл тукум мамлекеттик заводундагы уяң жүндүү койлордун башын көбөйтүүнү тапшырды

Министр Аскарбек Джаныбеков Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл аймагында жайгашкан “Катта-Талдык” асыл тукум мамлекеттик заводуна барды.

Министр “Катта-Талдык” асыл тукум мамлекеттик заводунун жеринен кабар алып, чарбанын абалы менен таанышты.

Чарбанын жетекчилигине М. Өмүрзаковго асыл тукум уяң жүндүү койлордун башын көбөйтүүнү жана шарт түзүүнү, ошондой эле, меринос койлорун аймакка жайылтууну тапшырды.

Кошумча маалымат: Бул завод кыргыз уян жүндүү кой пародасын өстүрүү менен алектенет. Уяң жүндүү кой пародасынын саны азайып кеткендигине байланыштуу,   министрлик уяң жүндүү кой пародасынын ядросун кармап калуу максатында приоритеттүү багытта бир топ иштер пландалууда. Маселен, меринос пародасындагы койлордун канын жаңыртуу максатында Россиядан асыл тукум пародасындагы кочкорлорду алып келүү болжолдонууда.

Бүгүнкү күндө жалпы республикада уян жүндүү койлордун саны 130 миң башты түзсө, анын 2800-3000 ге жакыны “Катта-Талдык” асыл тукум мамлекеттик заводунда.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button