Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кайсы аймакта асыл тукум малдын породасын багуу ыңгайлуу? – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кайсы аймакта асыл тукум малдын породасын багуу ыңгайлуу?

Министрликке караштуу Асыл тукум мал чарбасы, жайыт жана тоют департаменти асыл тукум малдардын породаларын райондоштурууну сунуштайт.

Асыл тукум малдарды туура райондоштуруу экономикалык жактан пайдалуу жана дыйкан, фермерлердин натыйжалуу киреше табуусуна зор мүмкүнчүлүк түзүлөт. Учурда сырттан Кыргызстандын климатына ылайык келбеген малдардын породалары кирип жаткандыгын да кездештирүүгө болот.

Төмөндө породаларды туура райондоштуруунун тизмеси түзүлгөн:

Ири мүйүздүү мал боюнча:

Алатоо, абердин-ангус, герефорд, күрөң-швиц породаларын республиканын бардык облустарында көбөйтүү сунушталат.

Талас облусунда аулиэатин породасы артыкчылыктуу болуп саналат, ал эми Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарына симментал породасы ылайыктуу.

Голштин порода Чүй, Жалал-Абад, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Токтогул райондорунда жана Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунда жакшы адаптацияланат.

Топоз боюнча:

Айкөл породасы Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарында артыкчылыктуу болуп саналат, ал эми кыргыз тукуму Баткен аймагына ылайыкташкан.

Кой боюнча:

Гиссар, “Арашан” кыргыз эт-май тукуму республиканын бардык аймактарында сунушталат.

Кыргыз мериносу Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Жалал-Абад аймактарында жогорку жыйынтыктарды берди.

Көп төл берүүчү койлордун тиби Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Нарын облустарында жакшы жыйынтыктарды берет.

Айкөл породасы Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарында өстүрүлөт.

Алай породасы Ош облусуну ылайыкташкан.

Эчки боюнча:

Баткен районунда кыргыз тыбыт тукуму жана кыргыз жүндүү породасындагы эчкилер, ал эми Чүй облусунда эчкинин сүтүү тиби жакшы жыйынтыктарды берүүдөө.

Жылкы боюнча:

Англис тукуму жылкы породалары өлкөнүн бардык аймактарында көбөйтүү сунушталат.

Чүйдүн, Ысык-Көлдүн жана Нарындын облустарында орус таскак тукумун, ал эми Талас, Чүй, Ысык-Көл аймактарында дон породасын өстүрсө болот.

Урматтуу фермер жана малчылар, мал чарбачылыгы жаатында сапаттуу кайра түзүү үчүн жогорудагы маалыматтарды сактап, жеринде асыл тукум малдарды райондоштуруу ыкмасын киргизүүнү өтүнөбүз.

Show More
Back to top button