Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Базар-Коргондо жер тилкелери жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилип кеткен – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Базар-Коргондо жер тилкелери жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилип кеткен


Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад аймактар аралык башкармалыгы тарабынан КРнын Башкы прокуратурасы менен макулдашылган планга ылайык, Базар-Коргон шаар мэриясына жана мэриянын алдындагы мамлекеттик менчикти башкаруу департаментине текшерүү жүргүзүлдү. Натыйжада Базар-Коргон шаар мэриясы тарабынан КРнын 2013-ж 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамын бузуу менен бир нече жер тилкелерин жарандарга турак жай курууга, ошондой эле КРнын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген жобонун талаптарына ылайык, жер тилкелерин шаардын балансына албай туруп, 0,60 га жерди курулуш куруу максатында жеке менчикке берип жибергендиги аныкталды.
     Ал эми, Базар-Коргон шаардык мэриясынын алдындагы мамлекеттик менчикти башкаруу департаменти боюнча, мэрия тарабынан чыгарылган буйрукка ылайык, муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү комиссиясы тарабынан, КРнын Өкмөтүнүн 2011- жылдын 11- сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген жобонун түз сатуу келишимин негиз кылып, бир канча га жер тилкелерин, көз карандысыз баалоочуга төмөн баалатып, сатыкка чыгарышкан. Натыйжада, жогоруда аныкталган мыйзам бузуу фактыларынын негизинде акт түзүлүп, мыйзам чегинде чара көрүү боюнча Жалал-Абад облустук мамлекеттик улуттук коопсуздук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
   Эскерте кетсек, КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан 2024-жылдын 1-квартал ичинде жалпы 167 текшерүү жүрүп, укук коргоо органдарына 16 материал, ал эми сотко 64 материал өткөрүлүп берилди.

Show More
Back to top button