Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бир жумада экспорттун көлөмү 5 миң 304 тоннаны түздү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бир жумада экспорттун көлөмү 5 миң 304 тоннаны түздү

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 8-14-сентябрына карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 5 миң 304 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Экспорттук көлөмү боюнча:

1. Чүй облусунан 2 миң 489 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, 336 даана фитосанитардык сертификат берилди. Ушул жумада Чүй облусунан 1275 тонна жер-жемиш Россия, Казакстан, Беларусь өлкөлөрүнө экспорттолду.

2. Талас облусунан 1 миң 345 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, 129 фитосанитардык сертификат берилди. Ушул жумада Талас облусунан 186  тонна буурчак өсүмдүктөрү Грузия, Иран, Турция, Казакстан өлкөлөрүнө, 901,4 тонна болгар калемпири Россия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолду.

3. Баткен облусунан 1 миң 025 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, 39 даана фитосанитардык сертификат берилди. Ушул жумада Баткен облусунан 844 тонна жашылча, 72 тонна жаңгак Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолду.

4. Ош облусунан 237 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, 128 даана фитосанитардык сертификат берилди. Ушул жумада Ош облусунан 697 тонна кургатылган жемиштер Россия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолду.

5. Ысык-Көл облусунан 121 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, 11 даана фитосанитардык сертификат берилди. Ушул жумада Ысык-Көл облусунан 1215 тонна жемиш Казакстан, Россия өлкөлөрүнө экспорттолду.

6. Жалал-Абад облусунан 86,4 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, 5 даана фитосанитардык сертификат берилди. Ушул жумада Жалал-Абад облусунан 40,2 тонна пахта буласы Латвия өлкөсүнө, ал эми 18,2 тонна кургатылган алма Германия өлкөсүнө экспорттолду.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин тыкыр текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Show More
Back to top button