Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Токой кызматы административдик кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Токой кызматы административдик кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын борбордук аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматынын улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяны жарыялайт

Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:

Негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Мыйзамы;

3) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5)”Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама.

Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

Негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама.

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:

1. Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү, ошондой эле чет тилдерди билүү колдоо табат.

2. Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктуларды билүү (Word, Excel, “ТОКТОМ Мамлекеттик Про” маалыматтык-укуктук системасы), анын ичинде:

– презентацияларды уюштуруу;

– издөө системаларын колдонуу;

– кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;

– веб-конференц-байланышты уюштуруунун тиркемелерин колдонуу;

– логинди жана паролду орнотуу;

– компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоо.

  1. Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:

Токой тармагы багыты боюнча

1.Кесиптик билим деңгээли:

токой чарбасы, экология жана жаратылышты пайдалануу, биология, география, картография жана геоинформатика, геодезия жаатында жерге жайгаштыруу жана кадастр багыты боюнча, эсептөө техникасы жана информатикалык технология жаатында маалымат  жана эсептөө техникасы багыты боюнча жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • улук кызмат орундары – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенциялар:

Предметтик  тестирлөө үчүн төмөнкү ЧУА ларды  билүү

– Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;

– Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө»  Мыйзамы;

  • Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 «Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө» токтому, Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябры № 706 «Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому.

2) Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жана юриспруденция багыты боюнча.

1.Кесиптик билим деңгээли:

мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча экономика жана башкаруу жаатында, юриспруденция багыты боюнча гуманитардык илимдер жаатында жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

  •  улук кызмат орундары – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенциялар:

Предметтик  тестирлөө үчүн төмөнкү ЧУА ларды  билүү:

– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси.

3) Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:

  • Экономика жана финансы багыты боюнча.

1. Кесиптик билим деңгээли:

– экономика багыты боюнча экономика жана башкаруу жаатындагы жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

  •  улук кызмат орундары – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3. Кесиптик компетенциялар:

Предметтик  тестирлөө үчүн төмөнкү ЧУА ларды  билүү:

– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекси

– «Бухгалтердик эсеп жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

  • Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:

Токой тармагы багыты боюнча

1.Кесиптик билим деңгээли:

токой чарбасы, экология жана жаратылышты пайдалануу, биология, география, картография жана геоинформатика, геодезия жаатында жерге жайгаштыруу жана кадастр багыты боюнча, эсептөө техникасы жана информатикалык технология жаатында маалымат  жана эсептөө техникасы багыты боюнча жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

3. Кесиптик компетенциялар:

Предметтик  тестирлөө үчүн төмөнкү ЧУА ларды  билүү

  • Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 «Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө» токтому, Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябры № 706 «Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому.

5) Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жана юриспруденция багыты боюнча.

1.Кесиптик билим деңгээли:

мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча экономика жана башкаруу жаатында, юриспруденция багыты боюнча гуманитардык илимдер жаатында жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

  •  иш стажына талаптар коюлбайт.

3. Кесиптик компетенциялар:

Предметтик  тестирлөө үчүн төмөнкү ЧУА ларды  билүү:

– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.

6) Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:

  • Экономика жана финансы багыты боюнча.

1. Кесиптик билим деңгээли:

– экономика багыты боюнча экономика жана башкаруу жаатындагы жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • иш стажына талаптар коюлбайт.

3. Кесиптик компетенциялар:

Предметтик  тестирлөө үчүн төмөнкү ЧУА ларды  билүү:

– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

– «Бухгалтердик эсеп жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди көктөмөдө мамлекеттик тилде тапшыруу зарыл:

1) мамлекеттик кызмат ордунун тобун көрсөтүү менен жеке арызы;

2)резюме (электрондук почтасын, телефонун көрсөтүү менен);

3) өмүр баяны (соттуулугу жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

4) негизги жана кошумча (бар болсо), билимди тастыктаган документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

5) Эмгек китепчесинин (эмгек стажы бар болсо) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же акыркы иштеген жери боюнча;

6) илимий даражасы жана илимий  наамды ыйгаруу жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (эгерде бар болсо);

7) паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.

Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.

Документтер 2023-жылдын 9-октябрынан баштап 2023-жылдын 20-октябрына чейин, саат 09.00 дөн 18.00 гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Бишкек ш., Л. Толстой көч., 3, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы, (каб. 14 персоналды башкаруу, укуктук иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү башкармалыгы, телефон: 54-60-07, 54-49-98, ишемби жана жекшембиден тышкары).

Түшкү тыныгуу саат 12.30 дан 13.30 га чейин.

Show More
Back to top button