Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бүгүнкү күндө 2,9 миллиард сомго 810 техника лизингге берилди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бүгүнкү күндө 2,9 миллиард сомго 810 техника лизингге берилди

 Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар аткарылып жатат. Дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосунун негизинде «Айыл Банк» ачык акционердик коому аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлүп,  айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингке берүү ишке ашып жатат. Мындан тышкары банктын өзүнүн коммерциялык эки долбоорлору аркылуу дыйкандарга лизинг кызматын көрсөтүп жатат.

ОАО “Айыл Банк” аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингке дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын женилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингке берүүдө. Бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 12,2 млрд. сомго 5562 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, анын ичинен 2023-жылы 2,9 млрд. сомго 810 техника берилген. Анын ичинен:

Тракторлор – 250 даана;

Комбайндар – 15 даана;

Кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар – 4 даана;

Айыл чарба машиналары – 90 даана;

Спецтехника – 449 даана;

Унаа каражаттары – 2 даана.

Show More
Back to top button