Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Токой чарбалары токойду башкаруунун пландарын жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Токой чарбалары токойду башкаруунун пландарын жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат

Бишкекте Жаратылыш ресурстарын интеграциялап башкаруу пландарын (ЖРИБП) өркүндөтүү боюнча 2 күндүк тренинг башталды.

Тренингдин ишине Токой кызматынын директору Алмаз Мусаев, директордун орун басары Надырбек Козубаев, 13 пилоттук токой чарбалардын директорлору, башкы токойчулар жана адистери катышууда.

Тренинг Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасынын токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу» долбоорунун алкагында уюштурулган.

Тренингдин биринчи күнү маселе ЖРИБПди өнүктүрүүнүн негизги принциптерине, жаратылыш ресурстарын интеграциялап башкаруунун ыкмаларына, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, токой чарбаларын өнүктүрүү программасын, финансылык планды жана иш-чаралардын планын иштеп чыгууга арналат.

Ал эми экинчи күнү катышуучулар токой чарбасын өнүктүрүүнүн келечегин жана узак мөөнөттүү максаттарын, токойду пайдалануучулардын учурдагы жана потенциалдуу кызыкдар тараптарын, стратегиялык милдеттерин жана иш-чараларын, ошондой эле колдо болгон токой ресурстарынын потенциалын аныктаган ЖРИБПны өнүктүрүү боюнча топтордо иштешет.

Ишти баштаардын алдында директор Алмаз Мусаев токой чарба кызматкерлерин Кыргызстандын токой экосистемаларын сактоого, токой чарбалардын киреше булактарын диверсификациялоого, ошондой эле токой чарбаларынын натыйжалуу жана туруктуу өнүгүү моделдерин интеграциялоого өзгөчө көңүл бурууга жана окууга активдүү катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, 2018-жылы пилоттук токой чарбалары жергиликтүү калк, жамааттар, жайыт пайдалануучулар, токой пайдалануучулар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте ЖРИБПти иштеп чыгышкан.

Бул пландарды ишке ашыруу үчүн жогоруда аталган Долбоордун алкагында материалдык-техникалык базаны түзүүгө, эмгектенүүгө жана жашоо шарттарын жакшыртууга, токой чарба ишканаларынын жана жергиликтүү жамааттардын кирешесин жогорулатууга багытталган 8 млн АКШ доллары өлчөмүндө мамлекеттик инвестициялар каралган.

Аталган пландар туризмди жана бал чарбасын өнүктүрүү, токой плантацияларын түзүү, мөмө-жемиш, тез өсүүчү жана айыл чарба өсүмдүктөрүн көбөйтүүгө багытталган.

13 пилоттук токой чарбасынын ймагында ЖРИБПти ишке ашыруунун натыйжасында:

• 2000 га жакын аянтка токой, мөмө-жемиш жана тез өсүүчү плантациялар түзүлдү;

• импортту алмаштыруучу жогорку сапаттагы көчөт материалдарын өстүрүү үчүн биогумус өндүрүү үчүн 10 күнөскана жана биогумусту чыгаруу үчүн 2 чуңкур курулган;

• токойлорду калыбына келтирүү, коргоо жана өрткө каршы иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле алыскы жайыттарга жетүү үчүн 4 көпүрө курулду;

• МТФнун кунарсыз жерлерин өздөштүрүү үчүн 10,5 км сугат каналдары курулган;

• токой чарбалардын эмгек шарттарын жана жергиликтүү калктын турмушун жакшыртуу үчүн 14,5 км электр чубалгылары тартылды;

• токойду коргоону жана сактоону уюштуруу учун пилоттук токой чарбаларынын автопаркы толук жаңыртылды;

• 5 скважина курулган;

• «Дугоба» альпинисттик-туристтик базасын оңдоо иштери аяктады;

• Токтогул токой чарбасынын административдик имаратын оңдоо иштери аяктады;

• 42 үй-кордондун, 3 кайра иштетүүчу цехинин жана 4 муздаткычтын, Чуй токой чарбасы учун жаңы административдик имараттын курулушу жүрүп жатат.

Долбоордук иш-чараларды ишке ашырууда ар бир пилоттук токой чарбасынын социалдык, экономикалык жана экологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен башкаруу пландарын өркүндөтүү зарылчылыгы келип чыкты. Токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу аркылуу токой чарба ишканаларынын чарбалык объектилерин өзүн-өзү каржылоого карата багыттоо маселелери каралат.

Show More
Back to top button