Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2023-жылдын I кварталына карата 618 450 баш бодо мал шарп ылаңына каршы эмдөөдөн өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2023-жылдын I кварталына карата 618 450 баш бодо мал шарп ылаңына каршы эмдөөдөн өттү

Шарп ылаңына каршы  алдын ала чара көрүү максатында бекитилген стратегиялык планга ылайык, бодо малдар жылына 2 жолу жазгы жана күзгү эмдөөдөн өткөрүлөт.​

​Аталган ылаңга каршы жогорку сапаттагы жана эффективтүү биокаражат менен камсыз кылуу максатында эл аралык талаптарга ылайык, сатылып алынуучу вакцинанын  техникалык сапаттары иштелип чыгып бекитилген. Натыйжасында Эл аралык эпизоотиялык бюронун (ЭЭБ) референс лабораториясынан тастыкталган сертификаты бар гана сапаттуу жана жогорку эффективдүү ветеринардык препараттар сатып алынууда.

Бүгүнкү күндө Ветеринардык кызмат тарабынан бекитилген пландын негизинде 3 500 000 млн. доза вакцина сатылып алынган.​

​Жыл сайын Ветеринардык кызмат тарабынан төмөндөн жогору карай, эпизоотияга каршы аткарылуучу иш-чаралардын планы иштелип чыгып бекитилет.

2023-жылга карата бекитилген планга ылайык, Ветеринардык кызматтын аймактык бөлүмдөрүнө жазгы эмдөө иштерин өз убагында аткаруу максатында, шарп ылаңына каршы 2093,33 доза вакцина бөлүнүп республиканын бардык аймагына жеткирилип берилген. Ошондой эле  биокаражаттарды талапка ылайык муздаткычта сактоо, коромжусуз жана сапаттуу пайдалануу боюнча тапшырмалар берилип, Ветеринардык кызмат тарабынанан көзөмөлгө алынат.

Учурда жер жерлерде жазгы эмдөө иштери күчөтүлгөн тартипте  жүрүп жатат. Шарп ылаңына каршы жазгы эмдөө иштеринин 2023-жылдын 1-кварталына карата планга 620 335 баш бодо мал бекитилген. Бүгүнкү күндө, 618 450 баш эмдөөдөн өткөрүлдү,  же аткарылышы 99,6 % түздү.

Show More
Back to top button