Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Мындан ары койдун жүнү таштандыга ыргытылбай, баалуу продукцияга айланат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Мындан ары койдун жүнү таштандыга ыргытылбай, баалуу продукцияга айланат

Мындан кийин айыл аймактарында керексиз болуп, таштандыда жаткан жүн ыргытылбай баалуу продукцияга айланат. Бул багытта жүндү кайра иштеткен, баасы арзан чакан өндүрүштөрдү айыл аймактарында ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул туурасында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти уюштурган көргөзмө-семинарда айтылды.

Анда, жүндү кайра иштетүү менен жүн жууркан (одеяло) тигүү цехи көрсөтүлдү. Жабдуулардын орточо баасы 5455 АКШ долларына барабар. Бул баа айылда мал кармаган карапайым жарандарга эң ыңгайлуу, кирешелүү чакан өндүрүш болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө ак жүндүн бир килограммга болгон баасы 60-100 сом, кара жүн 10-15 сомдон бааланууда. Иштетилген жүндөн улуттук кийим-кече, жууркан-төшөк (одеяло), кийизден жасалган түрдүү буюм-тайымдар чыгарылат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев учурда кайра иштетүүчү ишканалар менен дыйкандардын байланышын бекемдөө, агрокластерди өнүктүрүү, дыйкандарга жана чакан ишканаларга ылайыкташтырылган технологияларды, бизнес моделдерди жана жабдуулардын иштөөсүн жайылтуу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Бакыт Торобаев өз сөзүндө: “Айыл чарба тармагын көтөрүү үчүн кайра иштетүү өнөр жайына өзгөчө маани берилет. Бул багыттардын бири катары жүндү кайра иштетүүнү колго алуу. Мунун натыйжасында, айыл жергесинде каралбай, ыргытылып жаткан жүндүн баалуулугун арттыруу аркылуу мал кармаган жарандарыбыздын кирешесин көтөрүү”, – деп билдирди.
Кыргызстанда чоң жана кичи кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү менен дыйкан-фермерлердин потенциалын көтөрүү жана финансылык социалдык абалын жакшыртуу максатында өткөн көргөзмө-семинарга 7 облустун жана 40 райондун жетекчилери, “Айыл Банк”, “РСК Банк” жана Өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү, 40 Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, жана дыйкан-фермерлер катышып, кеңири маалымат жана тапшырмаларды алышты.

Show More
Back to top button