Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Барскоон дарыясындагы балыктардын анализи таза болуп чыкты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Барскоон дарыясындагы балыктардын анализи таза болуп чыкты

Барскоон дарыясында урук чачкан Ысык-Көл форели балыгынын денеси жабыркаганы тууралуу тышкы белгилери табылгандыгы боюнча маалымат түшкөндүктөн, Балык чарба департаментинин, Жети-Өгүз райондук ветеринардык кызматынын, көз карандысыз ихтиолог-эксперт жана жергиликтүү коомдук активисттерден жумушчу топ түзүлгөн.
Окуя болгон жерге барган топ Барскоон дарыясынын нугунан беш (5) балык кармап, райондук ветеринардык кызматтын адистери тарабынан кармалган балыкка коштоочу документтер түзүлүп, балыктын үлгүлөрү 2023-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун лабораториясына балык ооруларын изилдөөгө жана аныктоого жөнөтүлгөн.
2023-жылдын 4-октябрында кайрадан Балык чарба департаментинин, райондук ветеринардык кызматынын, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун, экологиялык жана техникалык көзөмөл боюнча аймактык инспекциясынын өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү коомдук активисттердин катышуусунда жумушчу топ түзүлүп, Барскоон дарыясынан Ысык-Көл форел-гегаркунинин эки (2) үлгүсү, ошондой эле Барскоон дарыясынын боюнда жайгашкан балык чарбасынан үч (3) кубулжума-форелинин үлгүсү алынган. Балыктар коштоочу документтери менен Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун лабораториясына жөнөтүлдү.
2023-жылдын 6-октябрында Барскоон дарыясынан 2-октябрда кармалган балыктардын анализинин алдын ала жыйынтыгы чыгарылган. Ветеринардык диагностика борборунун вирусология жана молекулярдык диагностика бөлүмү жана паразитология бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн:

  • балыктын гемопоэтикалык ткандарын инф.вирусуна антигенди аныктоо – терс;
  • инфекциялык виремия инф. вирусуна антигенди аныктоо – терс;
  • панкреатикалык некроз инф.вирусуна антигенди аныктоо- терс;
  • балыктын геморрагиялык синтездик вирусуна антигенди аныктоо – терс;
    Ал эми 4-октябрда жеткирилген балык үлгүлөрүнүн анализдери изилдөө стадиясында, алар даяр болгондон кийин, натыйжалар бардык кызыккан тараптарга билдирилет.
Show More
Back to top button