Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Азык-түлүк менен камсыздоо жаатында кызматташуунун Жол картасы – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Азык-түлүк менен камсыздоо жаатында кызматташуунун Жол картасы

Өзбекстан Республикасы менен Кыргызстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба жана азык-түлүк менен камсыздоо жаатында кызматташууга 2020-жылдын декабрь айында эки өлкөнүн айыл чарба министрликтеринин, изилдөө институттарынын жана башка уюмдардын өкүлдөрүнөн биргелешкен жумушчу топ түзүлгөн.

Бул жумушчу топтун максаты – айыл чарба жаатында кызматташууну чыңдоо жана тереңдетүү боюнча чараларды түзүү, жайылтуу жана жүзөгө ашыруу. Жумушчу топтун отурумдарынын натыйжасында, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрликтеринин ортосунда айыл чарба жана азык-түлүк менен камсыздоо жаатында кызматташуунун Жол картасы иштелип чыккан.

Жол картасы үч бөлүмдү камтыйт: өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы жана инвестициялык сунуштар.

Өсүмдүк өстүрүү айыл чарба продукцияларын жеткирүү маселесин камтыйт. Картошка, үрөндөрдү жеткирүү, эки өлкөнүн аймагында жаңы сортторду каттоо жана өстүрүү, илимий-изилдөө институттары жаатында кызматташуу.

Мал чарбачылыгы жаатында илимий институттар чөйрөсүндөгү өз ара байланыш, ошондой эле Өзбекстандын ЖОЖдорунда мал чарбачылыгы жаатында студенттерди окутуу. Ошондой эле, Доркартта багбанчылык, мал чарбачылыгы жана соода логистикалык борборлорун куруу боюнча инвестициялык долбоорлор бар.

Мындан тышкары, Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министри менен болгон жолугушуунун алкагында өзбек тарап 10 миң мөмөлүү дарактын көчөттөрүн, 100 тонна күздүк буудайдын үрөнүн, 500 тонна “Султан”  пахтанын үрөнү  менен камсыз кылууга даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле, тараптар өлкөнүн түштүгүндө аянты 1000 м2 болгон күнөскана куруу, этти жана тирүү жаныбарларды экспорттоо, этти кайра иштетүү жаатында биргелешкен ишканаларга инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле, « Узкимесаноат » ААК менен жолугушуу болуп, анын алкагында Кыргыз Республикасына күн сайын 800-1000 тонна көлөмүндө минералдык жер семирткичтерди үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча келишим түзүлдү.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button