Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Ноокат алмасы” айыл чарба кооперативинин базасында ургалдуу бак өстүрүү ыкмасын окутуп үйрөтүү боюнча окуу борбору ачылды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Ноокат алмасы” айыл чарба кооперативинин базасында ургалдуу бак өстүрүү ыкмасын окутуп үйрөтүү боюнча окуу борбору ачылды

2021-жылдын 30-апрелинде, Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов атындагы айыл аймагына караштуу “Ноокат алмасы” айыл чарба кооперативинин базасында ургалдуу бак өстүрүү ыкмасын окутуп үйрөтүү боюнча окуу борбору ачылды.

«Интенсивдүү алма багын өстүрүүнүн өзгөчөлүктөрү” аталышындагы семинарда жер кыртышын даярдоо, алманын сортун тандоо, подвой жана привой сортун тандоо, тамчылатып сугаруунун өзгөчөлүгү, интенсивдүү алма багын кесүү (обрезка), зыянкечтер менен күрөшүүнүн жаңы ыкмаларын үйрөтүү менен окутуунун жыйынтыгында адистерге суроолор берилип, дыйкандар жеткиликтүү жооп ала алышты.

Окуу семинарга Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Ош облусунун дыйкан, фермерлери катышып, практикалык жактан тажрыйба алышты. Тилекке каршы, Баткендеги чек арадагы окуяларга байланыштуу Лейлек жана Баткен райондорунан чакырылган адистер, дыйкандар катыша алышкан жок.

 Келечекте аталган борборго сыйымдуулугу 600 тонналык мөмө-жемиштерди сактоо комплексин куруу: таңгактоо линиясын, калибр менен сорттоо цехин, тазалап жуучу жайын ачуу жана ЕАЭС өлкөлөрүнө сатуу үчүн келишим түзүү иштери пландалууда.

Семинарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары А.Махаммадов, Ноокат райондук мамадминистрациясынын башчысынын биринчи орун басары З.Джапаров, Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Кооперация жана жаңы технологиялар секторунун башчысы А.Сагынбаев катышып, жогоруда өтүп жаткан окуу семинары бүгүнкү күндүн талабы экендиги тууралуу сөз сүйлөштү.

Бул долбоорду ишке ашырууда багбанчылыкка ылайыктуу, бирок иштетилбей жаткан  жер аянттарын аныктоо жана аны мыйзамдаштыруу менен ишке ашырууда өзгөчө аракеттер жасалган.

Ошондой эле, “Айыл чарбасын каржылоо – 7”  насыя долбоорунун алкагында 20 млн сом алынып, ургалдуу бакчылык ыкмасын колдонууга Турциядагы Мустафа Кемаль университенин агрардык факультетинин бүтүрүүчүсү, агроном-инженер Жамгыр мырзаны (Baran Kocyigit) тартуу жолу менен долбоор ишке ашкан. 

Учурда  «Ноокат алмасы» айыл чарба коопертиви Байыш айылында жайгашкан. Жерди даярдоо жана көчөттөрдү отургузуу иштери 2019-жылы башталган. Бүгүнкү күндө 15 га аянттын 10 га аянтына Польшанын “SULEK” питомнигинин карлик көчөттөрүнүн 10 сорту жана 0,72 га аянтка кокон гилас отургузулган. Ошондой эле калган 4,28 га аянт жер көчөт отургузууга даярдалууда.

2020-жылы отургузулган алма бактан 60 тонна түшүмү алынды. Учурда алмалар тегиз гүлдөп, быйылкы жылы жүз тонна түшүм берүүсү болжолдонууда.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button