Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Талас жана Ысык-Көл токой чарбаларын функционалдык зоналарга бөлүү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Талас жана Ысык-Көл токой чарбаларын функционалдык зоналарга бөлүү

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Токой кызматынын 2022-жылдын 22-ноябрындагы №174-км буйругунун негизинде, 2022-жылдын 23-ноябрынан тарта, 2023-жылдын 26-январына чейин “Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен жерди комплектүү пайдалануу” боюнча Германиянын кызматташтык коомунун (GIS) региондук программасынын алкагында Талас жана Ысык-Көл токой чарбасынын мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде пилоттук функционалдык зоналарга бөлүү жумуштары жүргүзүлдү.

Зоналарга бөлүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Токой кызматынын 2021-жылдын 12-декабрындагы № 01-6\69 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой фондун жана Кыргыз Республикасынын токойлорунун классификаторун функционалдык зоналарга бөлүү жөнүндө убактылуу жобосу” буйругу менен ишке ашырылды.

Талас токой чарбасынын жалпы 34271,0 га аянтына жана Ысык-Көл токой чарбасынын жалпы 53281,7 га аянтына функционалдык зоналарга бөлүү жумуштары жүргүзүлдү.

Show More
Back to top button