Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
КМШнын агроөнөр жай комплексинин маселелери боюнча Өкмөттөр аралык кеңеши өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

КМШнын агроөнөр жай комплексинин маселелери боюнча Өкмөттөр аралык кеңеши өттү

2023-жылдын 16-ноябрында видеоконференция режиминде КМШнын агроөнөр жай комплексинин маселелери боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин 35-жыйыны болуп өттү.

Отурумга Кыргыз Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын агрардык ведомстволорунун жана аларга баш ийген мекемелердин жетекчилери жана эксперттери катышышты.

Ошондой эле иш – чарага КМШнын Аткаруу комитетинин, КМШнын Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин, КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын алкагында КМШнын агроөнөр жай комплекси маселелери боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары А. Туйбаева шайланды.

Отурумдун жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды: КМШнын агроөнөр жай комплекси маселелери боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин 2024-2026-жылдарга карата келечектүү иш планынын долбоору, агроөнөр жай комплекси маселелери боюнча мамлекеттер аралык өз ара мамилелер жөнүндө макулдашуунун жаңы редакциясынын долбоору, органикалык айыл чарбасы боюнча кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнүн перспективалары, чегиртке зыянкечтерине каршы күрөшүү боюнча өз ара аракеттенүү жана башка актуалдуу маселелер.

Кеңештин мүчөлөрү өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча мындан ары өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, Айыл чарба чөйрөсүндө министрликтер жана ведомстволор ортосунда туруктуу жолугушуулардын маанилүүлүгүн белгилешти.

КМШнын агроөнөр жай комплексинин маселелери боюнча өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отуруму 2024-жылдын экинчи жарым жылдыгына Россия Федерациясында пландаштырылды.

Show More
Back to top button