Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
13 пилоттук токой чарбаларында 1749,5 га аянтка токой отургузууну пландаштырууда – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

13 пилоттук токой чарбаларында 1749,5 га аянтка токой отургузууну пландаштырууда

Токой баскан аянтты көбөйтүү максатында Токой кызматы ДБ/ГЭФ «Кыргыз Республикасынында токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу» долбоорунун алкагында 13 пилоттук токой чарбаларында 1749,5 га аянтка токой отургузууну пландаштырууда.

Бүгүнкү күндө токой чарбалары тарабынан 1410,65 гектар аянтка ийне жалбырактуу, мөмө-жемиш, жалбырактуу, кургакчылыкка туруктуу түрлөрдүн көчөттөрү отургузулду. Быйылкы жазда 403,35 гектар аянтка токой отургузуу пландаштырылууда, бул пландагыдан 64,5 гектарга көп.

Токой плантацияларын малдын зыянга учурашынан сактоо максатында 1351,4 га аянтка тикенек зымдардан тосмолор жана чынжырлуу торлор орнотулду. Токой жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүү үчүн 6 пилоттук токой чарбаларына жалпы суммасы 4 853 990 сомго Тянь-Шань карагайынын 177 миңден ашык себилмерели, 24 миң алма, 14 миң өрүктүн, 1700 жаңгактын көчөттөрү өткөрүлүп берилди.

Долбоордун дагы бир маанилүү иш-аракети болуп деградацияланган токойлорду калыбына келтирүү жана Мамлекеттик токой фондусунан тышкаркы кунарсыз жерлерди өздөштүрүү болуп саналат. Бул иш-чара 6 пилоттук айыл өкмөттүн аймагында жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү коомчулуктун демилгеси жана жигердүү катышуусу менен айыл өкмөттүн өкүлдөрү пландагы 618,8 гектардан 593 гектарын мөмө-жемиш бакчаларан отургузуу аркылуу өздөштүрдү. Мындан тышкары, 705,3 га аянтына тосмолор орнотулду жана 402 гектар жерге сугат системасын уюштурууга жетишти.

Ошондой эле, айыл өкмөттөргө 11 727 730 сомго алма, өрүк, алмурут, алча, кара өрүк, жаңгак жана кара жыгачтын 139 миңден ашык көчөттөрү мөмө-жемиш бакчаларын жана плантацияларын түзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Show More
Back to top button