Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргызстан өзүн негизги азык-түлүктүн 5 түрү менен толук камсыздай алат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстан өзүн негизги азык-түлүктүн 5 түрү менен толук камсыздай алат

Бүгүн, 29-сентябрдагы Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик тобу менен “Мекенчил” депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “быйыл биз өзүбүздү картошка менен 100% камсыздайбыз”, – деп айтты.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 670 миң тонна кант кызылчасы жыйналып, эми кайра иштетилет. Ошентип, кант менен камсыздоо 82,7% түзөт.

Республика боюнча сүт азыктары менен камсыз болуу 100%дан ашууда.

“Эгерде биз мурда тамак-аштын 3 түрү менен, анын ичинде эт жана кант менен 85% камсыз кылсак, быйыл эт жана кант менен 88% камсыз болдук. Бүгүнкү күндө биз өзүбүздү 9 негизги азык-түлүктүн бешөөсү менен толук камсыздай алабыз”, – деди Айыл чарба министри.

Ал белгилегендей, Чүй облусунда суунун тартыштыгынан жана кант кызылчасына, жүгөрүгө, малинага жана кулпунайга көбүрөөк жер бөлүнгөндүктөн көп жылдык өсүмдүктөрдү өндүрүү деңгээли төмөндөгөн.

Show More
Back to top button