Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ат-Башы районунда абал турукташканча алыскы жайыттагы малдарга көзөмөл кылып, тоют жеткизүү тапшырылды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Ат-Башы районунда абал турукташканча алыскы жайыттагы малдарга көзөмөл кылып, тоют жеткизүү тапшырылды

2023-жылдын 3-май күнү түнү менен мезгили-мезгили менен таңкы саат 4:30 дан тартып тынымсыз жааган.

Жааган кардын кесепетинен Ат-Башы районунун Ичке жана Беш-Сары участогундагы  алыскы жана жакынкы жайыттарында кардын калыңдыгы болжолдуу 15 см 30 см ге чейин жеткен. Район аймагындагы Терек-Суу, Кызыл-Туу жана Кара-Булуң айылдарынан төмөндөгү малчылар мал айдап кеткен.

1. Терек-Суу айылынан Б. Табалдиев жанында 1 адам менен Коргон-Таш участогунун Ангел талаасына 25-апрель күнү 380 баш уй айдап кеткен. Учурда чөп жок болуп, мал ээлери чөп даярдап, жеткирүү боюнча иштер жүрүүдө.

2. Кызыл-Туу айылынан К. Мамбеталиев жанында 4 адам менен Ак-Бейит участогундагы аймакка 300 баш уй менен кеткен.

3. Кара-Булуң айылынан Э. Токтотемиров Кемесия участогуна 4 адам 200 баш уй менен кеткен.

4. Кызыл-Туу айылынан Шабдан аттуу жаран үй-бүлөсү менен 80 уй айдап Ак-Бейит участогуна кеткен.

5. Кызыл-Туу айылынан Ичке өрөөнүнө 3 короо кой менен 6 киши кеткен. Болжолду койлордун саны 600 башты түзөт.

6. Кызыл-Туу айылынан Беш-Сары участогунда 3 короо кой менен 7 адам айдап кеткен. Болжолдуу койлордун саны 600 башты түзөт.

7. Кызыл-Туу айылынан Чой-Чап участогунда 200 баш уй менен 4 адам кеткен.

Cаат 9:00 дө райондук штабдын отуруму болуп Ак-Сай өрөөнүндогү абалды талкуулап тиешелүү жарандык коргонуу кызматтарга  абалдан чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.

Ыкчам топ жеринде кырдаалды баалоо учурунда төмөндөгүлөр аныкталды.

Ак-Бейит, Беш-Сары, Чой-Жап, Кемесия, Ичке өрөөндөрүнө Кызыл-Туу, Кара-Булуң, Терек-Суу айылдарынын малчылары жалпы 867 баш уй, 1400 кой, эчки айдап кетишкен. Жаагын кардын кесепетинен 2 уй, 3 музоо жана 15 чамалуу койлор өлгөн. Жааган кардын калыңдыгы 20-25 см түзгөндүктөн жана түнкүсүн бороон болуп суук болгондуктан, жаш музоолор, кыркылган койлор өлгөн.

Учурда жалпы 550 боо чөп жеткизилип, жайыттагы малды сактап калуу аракети көрүлдү. Мындан сырткары райондук Жарандык коргонуу штабы өткөзүлүп, айыл өкмөт башчыларына абал турукташканча алыскы жайыттагы малдарга көзөмөл кылып, тоют жеткизүү тапшырылды.

Show More
Back to top button