Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Малдын терисин жана анын продукциясын экспорттоо мүмкүнчүлүгү жогорулайт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Малдын терисин жана анын продукциясын экспорттоо мүмкүнчүлүгү жогорулайт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев 2024-жылдын 10-апрель күнү министрликтин Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары менен адистеринин катышуусунда Чүй облусунун Сокулук районундагы кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары менен айыл чарба багытындагы талаалардын абалын көрүп, бир катар тапшырмаларды берди.
Алгач Новопавловка айылындагы “Бархан дог чьюс” заводунда кара малдын (жылкы, уйдун) жана майда малдардын (эчки, кой) терисин кайра иштетүү, андан үй жаныбарлары үчүн азыктарды өндүрүү, жүн менен терини иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууга көмөктөшүү боюнча көчмө жыйын болуп өттү.
Аталган завод 2018-жылы түзүлүп, 2021-жылы ишке берилген. Бүгүнкү күндө өндүрүлгөн продукциясын Америка, Канада, Турцияга экспорттоп келет. Алсак, 2021-жылы Америкага 35 тонна, Канадага 15 тонна, 2022-жылы Америкага 60 тонна, 2023-жылы Америкага 50 тонна, 2024-жылдын биринчи кварталында Турцияга 20 тонна экспорт кылган.
Долбоордун алкагында заводдун ишмердүүлүгүн арттыруу багытында 1-2 га жер аянтына жаңы заводду куруу, Кыргызстан боюнча терилерди чогултуу, каржылык инвестициялык көмөк көрсөтүү каралган.
Заводдун ишмердүүлүгү кеңейип, модернизация болуп, толук кубаттуулукта ишке киргизилсе жылына 500-750 тоннага чейинки чийки затты (терини), иштетип, 150-250 тоннага дейре даяр продукцияны чыгарууга жөндөмдүү болот.
Ушундай эле жыйын Шалта айылындагы “Алия” ишканасында койдун терисин кайра иштетүүчү цехти кеңейтүү жана тазалоочу жайларды куруу боюнча долбоорго көмөктөшүү боюнча болуп өттү.
Терини кайра иштеткен “Алия” ишканасы чыгарган продукцияларын Америка, Европага чейин экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Ишкананын масштабын кеңейтүү үчүн 8 миллион 900 миң сом инвестициялык көмөк зарылдыгы жыйындын жүрүшүндө айтылды.
Натыйжада, мындан ары терилер таштандыга ыргытылбай, аны кайра иштетүү жана сыртка экспорттоо мүмкүнчүлүгү жогорулайт.
Көчмө жыйындын соңунда жаңы завод үчүн жер аянтын бөлүү, долбоорлорго каржылык жардам берүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгуу министрликтин бөлүмдөрүнө тапшырылды.
Аталган эки ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, көйгөйлөрүн уккан Бакыт Төрөбаев: “Ишкерлерди колдоого мамлекет болгон күч аракетин жумшайт. Учурда кайра иштетүү өнөр жайларына мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатат, кандай көмөк, жардам керек болсо чечип берүүгө даяр. Ишкерлер өндүргөн продукцияларынын сапатын жакшыртууга, көлөмүн арттырууга жана экспортко чыгарууга мамлекеттик деңгээлде ар тараптуу жардам көрсөтүлөт”, – деп белгиледи.
Иш сапардын соңунда Военно-Антоновка айылындагы айыл чарба талааларынын абалына дагы көңүл бурулуп, ээн, бош калган жерлерди толук кандуу иштетүү үчүн адистерге тиешелүү сунуштамаларды иштеп чыгуу тапшырылып, бир катар чечимдер кабыл алынды.

Show More
Back to top button