Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Эттин айрым түрлөрүнө тарифтик квоталардын көлөмүн бөлүштүрүү үчүн  зарыл болгон документтердин тизмеси – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Эттин айрым түрлөрүнө тарифтик квоталардын көлөмүн бөлүштүрүү үчүн  зарыл болгон документтердин тизмеси

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 “Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу максаттында, Евразия экономикалык комиссиясынын 2022-жылдын 23-августундагы №119 чечими менен  
мурдагы  берүүчүлөр үчүн 2023-жылдын 2-этабына эттин айрым түрлөрүн ташып келүүгө тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүгө билдирмелерди кабыл алуу башталганын жарыялайт. Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 2023-жылдын 13-мартында аяктайт.

Эттин айрым түрлөрүнө тарифтик квоталардын көлөмүн бөлүштүрүү үчүн  зарыл болгон документтердин тизмеси

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине тарифтик квоталарды бөлүп берүү жөнүндө кат;

2. Белгиленген үлгүдөгү өтүнмө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 токтомунун “Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелери” тиркемесине ылайык);

3. Тышкы соода келишиминин (контракттын) көчүрмөсү, ага тиркеме жана (же) аны толуктоочу документ  (бир жолку лицензия үчүн), ал эми тышкы соода келишими (контракт) жок болгон учурда тараптардын ниетин ырастаган башка документтин көчүрмөсү;

4. Мамлекеттик каттоо жөнүндө документтин көчүрмөсү;

5. Арыз берген жана (же) ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү;

6. Ишеним кат;

7. Айыл чарба министирлигинин алдындагы Ветеринария кызматынын ишканаларынын реестринен көчүрмө (түп нускасы);

8. Документ тиркелүүчү папка.

Show More
Back to top button