Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2021-жылдын 23-апрелине карата жазгы талаа иштеринин жүрүшү боюнча маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

2021-жылдын 23-апрелине карата жазгы талаа иштеринин жүрүшү боюнча маалымат

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктөрүнүн  23-апрелге  карата берген маалыматтары боюнча,  жер айдоо иштери өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу быйыл эрте башталган. Республика боюнча  418,4 миң га жер айдалган, бул көрсөткүч 68,1% түзүп, өткөн жылдын караганда 107 миң га көп айдалган. Чүй жана Баткен облустарынын дыйкандарынын 92,8-99,8 пайызы айдоо иштерин аяктаган. Ал эми, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Ош облусунун Араван  жана Чүй облусунун Чүй,  Ысык-Ата, Москва  райондорунун дыйкан-фермерлери жазгы айдоо иштерин толугу менен аякташты.

Жазгы кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн себүүсү 248,2 миң га жүргүзүлүп, бул көрсөткүч 76,9% түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 7,1 миң га көп.

Нарын  облусу жана  бийик тоолуу райондор (Чаткал, Чоң-Алай, Тогуз-Торо жана Жайыл  районунун Суусамыр өрөөнү) май айы ичинде кылкандуу дан эгиндерин себүү иштерин  бүтүшөт.

Жаздык буудай 90,4 миң га, тактап айтканда 73,8 % себилди, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу -0,2 миң га көп. Ал  эми  арпа – 157,8 миң га, тактап айтканда 78,7 %га, бул көрсөткүч былтыркы жылга караганда 7,3 миң га көп себилди.

Жүгөрү себүү темпи былтыркы жылга салыштырмалуу бир кыйла жогору болду, тактап айтканда 36,7 миң га же 34,9 пайызы себилип, былтыркы жылга караганда 10,7 миң га көп болду.

Картошка отургузуу 13,5 миң га жерге жүргүзүлүп, тактап айтканда тапшырманын 17,7 % аткарылып, өткөн жылга салыштырмалуу 1,5 миң гектарга көп болду.

Май өсүмдүктөрү  9,9 миң га себилип,  тапшырманын  49,7 % аткарылды, бул  өткөн жылга салыштырмалуу  900 га көп болду.

Жашылча жана бакча өсүмдүктөрүн себүү 14 миң га жана 2,1 миң га жерге себилип, тапшырманын  26,3 % жана  17,7 % аткарылды, өткөн жылдан 2,5 миң га жана 300 га көп.

Андан тышкары төө буурчак себүү 870 га жерде жүргүзүлүп тапшырманын 1,4 %  аткарылды жана себүү иштери уланууда.

Кант кызылчасы  8,1 миң га, тактап айтканда 67,1 айдалды. Анын ичинен Чүй облусу 7,9  миң га, тактап айтканда иштин 68,1 пайызы аткарылып, кошумча себүү иштери жүрүп жатат. Ал эми Талас облусу  0,2 га, тактап айтканда, 38 пайызы аткарылды.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button