Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2021-жылдын 1-этабы үчүн эттин айрым түрлөрүнө болгон тарифтик квоталарды бөлүштүрүүгө арыздарды кабыл алуу жүрүүдө – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2021-жылдын 1-этабы үчүн эттин айрым түрлөрүнө болгон тарифтик квоталарды бөлүштүрүүгө арыздарды кабыл алуу жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги “Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 токтомун аткаруу максатында Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2020-жылдын 18-августундагы № 102 чечими менен бекитилген эттин айрым түрлөрүнө болгон тарифтик квоталарды 2021-жылдын 1 этабына бөлүштүрүү үчүн арыздарды кабыл алууну  жарыялайт.

Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү: 20.11.2020 18.00 го чейин.

Керектүү документтердин тизмеси

  1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине тарифтик квота бөлүп берүү жөнүндө кат.
  2. Белгиленген тартиптеги арыз (“Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 токтомунун тиркемеси);
  3. Тышкы соода жүгүртүүсү боюнча келишим (контракт), жана башка жактардын ниеттерин тастыктаган документтин көчүрмөсү;
  4. Мамлекеттик каттоо жонүндөгү документтин көчүрмөсү;
  5. Арыз берүүчүнүн жана (же) ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү;
  6. Ишеним кат;
  7. Скоросшиватель.
Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button