Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2021-жылдын 1-июнга карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө кыскача маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

2021-жылдын 1-июнга карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө кыскача маалымат

Эт өндүрүү. 2021-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 151,8 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 2051 тонна, же 1,4 пайызга өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт көбүрөөк өндүрүлдү. Эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби малдын санынын көбөйүшү менен байланыштуу. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2021-жылдын 1-январына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 35,0 миң башка көбөйүп 1715,7 түздү, кой жана эчкинин саны 11,9 миң башка көбөйүп 6278,7 башты түздү, жылкынын саны 17,0 миң башка көбөйүп 539,6 миң башты түздү, ал эми чочколордун саны 5,2 миң башка азайып 29,4 миң башты түздү жана үй канаттуулардын саны 140,7 миң башка азайып 6070,4 башты түздү. Белгилей кетчү нерсе 2021-жылдын январь-май айларында республиканын бардык облустар боюнча эт көбүрөөк өндүрүлгөн. Сүт өндүрүү. 2021-жылдын январь-май айларында республика боюнча 582,7 миң тонна сүт өндүрүлдү, 10784 тонна, же болбосо 1,9 пайызга өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу сүт өндүрүү көбүрөөк болду. Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалат. Сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны 19,7 миң башка жана 1 уйдан саалган орточо саан 5,6 кг көбөйүшү менен байланыштуу. Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилде республикада 229596 миң даана жумуртка өндүрүлдү, же өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу жумуртка өндүрүү 5883 миң даанага азайган же 97,5 пайызды түздү. 2021-жылдын январь-май айларда жумуртка өндүрүү былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу Ысык-Көл облусунда 58,6 пайыз төмөндөшү байкалат. Республикада жумуртка өндүрүүнүн төмөндөшүнүн эң негизги себеби үй канаттуулардын саны 140,7 миң башка азайышы менен байланыштуу. Жүн өндүрүү. 2021-жылдын 1-июнуна карата республиканын бардык категориядагы чарбалык субъетилерде 5564 тонна жүн өндүрүлдү, былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 99,3 пайызды түздү. Жүн өндүрүү, республиканын Жалал-Абад жана Баткен облустарынан тышкары, бардык облустарында көбөйгөнү байкалат. Райондук агрардык башкармалыктарынын башчыларынын маалыматтары боюнча койлорду кыркуу кампаниясы аба ырайынын суук болгондугуна карата кечирээк башталгандыгы менен байланыштуу. 6-айдын жыйынтыгы боюнча жүн өндүрүү республикада былтыркы жылдан көбүрөөк болушу күтүлүүдө.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button