Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2020-жылдын 1-сентябрына карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2020-жылдын 1-сентябрына карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат

Эт өндүрүү. 2020-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында 252,6 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт өндүрүү 3511 тоннага же 1,4 пайызга көбөйгөн.

Эт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйүүдө.

Белгилей кетчү нерсе, республика боюнча эт өндүрүүнүн өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу эң көбүрөөк Жалал-Абад облусунун чарбаларында (102,1 пайыз), Ысык-Көлдө (101,9 пайыз) жана Чүйдө (101,2 пайыз) өстү.

Сүт өндүрүү. 2020-жылдын январь-август айына карата республика боюнча1135,3 миң тонна сүт өндүрүлдү, 26,6 миң тонна, же болбосо 2,4 пайызга өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу сүт өндүрүү көбүрөөк болду.

Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалат. Республикада сүт өндүрүүнүн өсүү темпи эң көбүүрөк Нарын облусунун чарбаларында – 104,2 пайыз, Джалал-Абад жана Ысык-Көлдө – 103,1 пайыз жана Чүй облусунун чарбаларында – 102,0 пайыз байкалат.

Республика боюнча сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны 22,6 миң башка жана 1-уйдан саалган орточо саан 2,7 кг (1339,1 кг-1336,4 кг) көбөйүшү менен байланыштуу.

Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилинде республикада 402077 миң даана жумуртка өндүрүлдү, же былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу жумуртка өндүрүү 302 миң даанага азайган же 99,9 пайызды түздү.

Жумуртка өндүрүү көлөмү, республиканын Ысык-Көл облусунан тышкары, бардык облустарында көбөйгөнү байкалат.

Ысык-Көл облусунда жумуртка көрсөткүчүнүн азайышынын себеби Ысык-Көл районунун “Самат и Компания” тоок заводунун жабылышы жана анын сатылышы менен байланыштуу, жаңы түзүлгөн ЖЧКу “Агрокуш” ишканасы азыркы учурда тоок заводунун өндүрүш территориясында ремонттук иштерди жүргүзүп жатат.

Жүн өндүрүү. 2020-жылдын 1-сентябрына карата республиканын бардык категориядагы чарбалык субъетилерде 13110 тонна жүн өндүрүлдү, былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 101,3 пайызды түздү.

Жүн өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалат. Республикада өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу жүн өндүрүүдө эң жогору өсүү темпи Джалал-Абад облусунун чарбаларында – 102,6 пайыз, Нарында – 102,0 пайыз жана Ысык-Көл облусунун чарбаларында – 101,6 пайыз байкалат.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button