Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2020-жылдын 1-июнуна карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2020-жылдын 1-июнуна карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат

Эт өндүрүү. 2020-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында 149,8 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 774 тонна, же 0,5 пайызга мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт өндүрүү көбөйгөн.

Эт өндүрүү, республиканын бардык облустарында мал базарлар жана эт сатуу павильондордун ачылышы менен, өз калыбына келүүдө.

Эт өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу Нарын облусунда – 1,6 пайызга жана Баткен облусунда – 0,8 пайызга азайган.

Белгилей кетчү нерсе, Жалал-Абад (101,6 пайызга), Ысык-Көл (101,4 пайызга), Чүй (101,2 пайызга) жана Талас (100,3 пайызга) облустарында эт өндүрүү өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу көбүрөөк болду.

Сүт өндүрүү. 2020-жылдын январь-май айына карата республика боюнча 571,9 миң тонна сүт өндүрүлдү, 12781 тонна, же болбосо 2,3 пайызга мурунку жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу сүт өндүрүү көбүрөөк болду.

Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалат. Республикада сүт өндүрүү өсүү темпи эң көбүүрөк Нарын облусунун – 104,3 пайыз, Джалал-Абад – 103,3 пайыз жана Ысык-Көл – 103,0 пайыз чарбаларында байкалат.

Республика боюнча сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны 22,6 миң башка жана 1-уйдан саалган орточо саан 7,3 кг (691,6 кг-684,3 кг) көбөйүшү менен байланыштуу.

Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилинде республикада 235480 миң даана жумуртка өндүрүлдү, же былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу жумуртка өндүрүү 3007 миң даанага же 1,3 пайызга көбөйгөн.

Жумуртка өндүрүү, республиканын Ысык-Көл облусунан тышкары, бардык облустарында көбөйгөнү байкалат.

Ысык-Көл облусунда жумуртка көрсөткүчүнүн азайышынын себеби Ысык-Көл районунун “Самат и Компания” тоок заводунун жабылышы жана анын сатылышы менен байланыштуу, жаңы түзүлгөн ЖЧКу “Агрокуш” ишканасы азыркы учурда тоок заводунун өндүрүш территориясында ременттук иштерди жүргүзүп жатат.

Жүн өндүрүү. 2020-жылдын 1-июнуна карата республиканын бардык категориядагы чарбалык субъетилерде 5606 тонна жүн өндүрүлдү, былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 99,8 пайызды түздү.

Жүн өндүрүү, республиканын Жалал-Абад облусунан тышкары, бардык облустарында көбөйгөнү байкалат. Жалал-Абад облусунун райондук агрардык башкармалыктарынын башчыларынын маалыматтары боюнча койлорду кыркуу кампаниясы аба ырайынын суук болгондугуна жана Covit-19 карата кечирээк башталгандыгы менен байланыштуу. 6-айдын жыйынтыгы боюнча жүн өндүрүү республикада былтыркы жылдан көбүрөөк болушу күтүлүүдө.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button