Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба техникаларынын лизинги боюнча маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Айыл чарба техникаларынын лизинги боюнча маалымат

2011-жылдан бери айыл чарбасындагы машина-трактордук паркты жаңылоо жана модернизациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын чечимдер кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги “Айыл Банк” ачык акционердик коому менен биргеликте бир топ иштерди аткарып жатышат. Алып айтсак  айыл чарба техникаларынын лизингин өнүктүрүү боюнча министрликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган 11.07.2011ж. №382, 13.07.2012ж. №487, 19.02.2013ж. №88, 14.08.2014ж. №467, 22.04.2015ж. №173-б, 2.10.2015ж. №486-б жана 10.04.2019ж. №86-б чечимдеринин негизинде бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 4686,9 млн. сомго 3159 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, ал эми 2020-жылы 583,6 млн. сомго 221 техника берилген.

Жогорудагы долбоорлордун бардыгына “Айыл Банк” ААКму оператор болуп дайындалган жана лизинг долбоорлору министрликтин көзөмөлү аркылуу ишке ашырылып жатат.

       Айыл чарба техникаларын лизингке берүүнүн шарттары:

        – лизинг мөөнөтү – 7(жети) – 10(он) жыл;

        – үстөк пайызы – лизинг алуучунун өз салымынын өлчөмүнө жараша  

жылдык 6(алты), 7(жети), 9(тогуз) пайызга барабар (өз салым   лизингдин суммасынан 10 пайызынан кем болбоосу зарыл);

        – күрөө – өз салым 20% жогору болгон учурда күрөө катары лизинг предмети(техника) каралат;

        – лизинг алуучу тарабынан өз салым 20% кем төлөнсө кошумча күрөө катары айырмасына мүлк талап кылынат;

        – камсыздандыруу техника алуусунун макулдугы менен ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт;

        – насыя сом менен берилет.                                                

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button