Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2021-2025-жылдарга карата органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнүн мамлекеттик стратегиясы – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

2021-2025-жылдарга карата органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнүн мамлекеттик стратегиясы

2021-жылдын 30-июнунда, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Органикалык айыл чарбасы департаменти органика тармагынын азыркы абалы жана 2021-2025-жылдарга карата органикалык айыл чарба  өндүрүшүн өнүктүрүүнүн мамлекеттик стратегиясынын өнүгүү багыттары боюнча “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн презентациясынан кийин, атайын  тегерек стол өттү.

Анда, 2021-жылдын 25-февралы № 117 Премер-министрдин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги чараларынын Планын аткарылышын камсыз кылуу максатында жана органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү жана органикалык айыл чарбасы менен алектенген фермерлердин дараметин жогорулатуу жана жагымдуу шарттарды түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинде органикалык өндүрүштүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча Техникалык комитет (мындан ары-ТК-35) түзүлүп, Кыргыз Республикасынын органикалык өндүрүшүнүн улуттук стандарты иштелип чыкты. «Органикалык өндүрүш. Өндүрүү, сактоо, кайра иштетүү жана ташуу боюнча талаптары» улуттук стандарты 2021-жылдын 21-апрели Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун № 23-СТ буйругу менен кабыл алынды. Улуттук стандарттын даяр версиясы Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин сайтына жайгаштырылды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун 2021-жылдын 28-майындагы № 33-СТ буйругунун негизинде Россия Федерациясынын экологиялык стандарттары Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары катары кабыл алынды.

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнүн мамлекеттик стратегиясына берилген сунуштар:

– органикалык айыл чарбасы менен алектенип жаткан дыйкан, фермерлер менен тыгыз иш алып баруу жана мамлекеттен атайын иштетүүгө жер бөлүп берүү;

– дыйкандарга жол көрсөтүү жана колдоо;

– өндүрүлгөн таза экологиялык азык-түлүктөрдү сатууга мамлекеттик көмөк көрсөтүү;

– органикалык айыл чарбасынын стратегиялык өнүгүүсү үчүн сертификат берүүчү органды тез арада уюштуруу;

– органикалык, экологиялык таза азык экендигин тастыктоочу лабораторияларды куруу;

– зыянкечтерге жана отоо чөптөргө каршы биологиялык каражаттардын жетишсиздигин камсыздоо;

– органикалык жер семирткичтер менен республиканы касыздоо;

– илимий изилдөө институттар менен тыгыз иш алып баруу;

– жапайы өсүмдүктөргө болгон экспортко үзгүлтүксүз мамлекеттик колдоо көрсөтүү;

– органикалык айыл чарбасында жергиликтүү инспектор, эксперт адистердин санын кобөйтүү жана окутуу;

– тастыкталган сертификаттары бар чет элдик биокаражаттардын реестерин жүргүзүп республикага жайылтуу;

– республикада климатына туура келген өсүмдүктөрдү туура тандап өстүрүүнү көбөйтүү  (мисалы көл жээктерине карагат, чычырканак,  адыр тоолорго бадам, жаңгак ж.б.);

– органикалык азыкты ички базарларга жайылтуу;

-тамчылатып сугарууну органикалык айыл чарбасына кеңири жайылтуу;

– дыйкан фермерлерди  класстердик форматта иштөөгө үйрөтүү;

– жердин асылдуулугун жакшыртууда органикалык жер семирткичтерди биогумус, биокомпст менен иштөөгө дыйкан фермерлерди үйрөтүү;

– органикалык үрөөн өндүрүүчү кооперативдерди областарда уюштуруу жана мамлекеттик көзөмөлгө алуу,

– Чуй жана Ысык-Көл облустарынын тоо этектерине жүзүм отургузуу, Бакткен облусунун начар болгон топурактарына бадам жана мисте отургузуу сунуштамалары берилди.

Тегерек столдун катышуучулары жана Органикалык айыл чарба департаментинин кызматкерлери жогорку сунуштарды эске алуу менен мындан ары 2021-2025-жылдар ичинде органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн  өнүктүрүү стратегиясы боюнча Мамлекеттик программаны иштеп чыгуу менен бирге стратегиялык өнүгүүнүн программасын түзүү боюнча чечим кабыл алышты.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button