Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Глобалдык биопестициддер саммити – Бишкек 2023 – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Глобалдык биопестициддер саммити – Бишкек 2023

27-августта Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жана AMMA ассоциациясынын колдоосунда биопестициддер боюнча глобалдык саммит өттү.

Саммит биологиялык пестициддер тармагындагы негизги маселелерди талкуулоо үчүн алдыңкы окумуштууларды, тармактык эксперттерди, инноваторлорду жана мамлекеттик кызматкерлерди чогулткан уникалдуу форум болду.

Иш-чаранын негизги максаты – айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө жана жаратылыш ресурстарын сактоого жетишүү үчүн биопестициддерди иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча глобалдык аракеттерди күчөтүү.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри А.C. Джаныбековго “Глобалдык органикалык башкаруу сыйлыгы” ыйгарылды.

Саммиттин программасы кеңири спектрин камтыды, мисалы:

  • Глобалдык биологиялык миссия 2030 жана өнөр жай үчүн мүмкүнчүлүктөр;
  • Кыргызстандын айыл чарбасынын көйгөйлөрү;
  • 2030-жылга карата биопестициддерге болгон муктаждыктарды жоюу жана глобалдык максаттары жана ойлоп табуучулардын, өндүрүүчүлөрдүн, технологияларды өркүндөтүүдөгү регуляторлордун ролу;
  • Технологияларды өткөрүп берүү / өндүрүү / жөнгө салуу / импорт / экспорт жана КМШ мамлекеттери үчүн биопестициддерди сактоо жана талаада колдонуу ошондой эле Индия менен Кыргызстандын ортосундагы бизнес мүмкүнчүлүктөрү.

AMMA Ассоциациясынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаментинин биргелешкен иши стратегиялык мүнөзгө ээ. Ал биздин айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүнүн натыйжалуу куралы катары биологиялык пестициддерди иштеп чыгууга жана жайылтууга болгон жалпы умтулуубузду чагылдырат.

Show More
Back to top button