Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы ачык конкурс жарыялайт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы ачык конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.  

          Баардык административдик мамлекеттик кызматтарга жалпы квалификациялык талаптар:

Административдик кызматтардын улук топтору үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы;

3. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”.

Административдик кызматтардын кенже топтору үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”.

Билими:

– статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдердин натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат чыгаруу; 

– тесттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;

– файлдар менен папкаларды түзүү жана иштөө, атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, өчүрүү жана калыбына келтирүү; 

– сырткы перифериялык түзмөктөрдү кошуу; 

– диск мейкиндиктерин тазалоо (архивдөө);

– компьютердик жана социалдык тармактарда иштөө: маалымат издөө, алмашуу жана сактоо (интернет, электрондук почта ж.б.);

– электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

– ар түрдүү браузерлер менен иштөө;

– кеңсе техникалары менен иштөө:

-көчүрмөлөөчү аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдик тактай, факс менен иштөө.

1) Багыттар боюнча административдик кызматтардын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:

Жер көзөмөлү боюнча:

1.  Кесиптик билим деңгээли:

-“Гуманитардык илимдер” жаатында юриспруденция багыты боюнча;  “Техникалык илимдер” жаатында жерге жайгаштыруу жана кадастрлар, геодезия жана аралыктан байкаштыруу (зонддоо) багыттары боюнча; “Айыл чарба илимдери” жаатында агрономия багыты боюнча жогорку кесиптик билим.

2. Стажы жана иш тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат жана муниципалдык кызмат стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес, тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш стажы 3 жылдан кем эмес.

3. Кесиптик компетенциялар:

3.1 Билүү:

–  Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси;

Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары:

-“Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”;

-«Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө»;

-«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;

-«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;

«-Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө»;

-«Жайыттар жөнүндө»;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августунда бекитилген №116 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө” токтому.

2) Багыттар боюнча административдик кызматтардын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:

Суу көзөмөлү боюнча:

1. Кесиптик билим деңгээли:

– төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим:

-айыл чарба илимдери (суу мелиорациясы, агрономия);

-техникалык илимдер (суу ресурстары жана суу пайдалануу, гидротехникалык курулуш, суу менен жабдуу жана суу берүү, жаратылышка ыңгайлаштыруу);

-гуманитардык илимдер (юриспруденция).

2. Стажы жана иш тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат жана муниципалдык кызмат стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес, тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш стажы 3 жылдан кем эмес;

3. Кесиптик компетенциялар:

3.1. Билүү:

– Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси;

–  Кыргыз Республикасынын Суу кодекси;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

– «Суу жөнүндө»;

-«Ичүүчү суу жөнүндө»;

-«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:

-1995-жылдын 7-июлундагы №271 “Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө”;

-2021-жылдын 6-августунда бекитилген №116 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө”.

3) Багыттар боюнча административдик кызматтардын башкы топтору үчүн квалификациялык талаптар:

Укуктук  камсыздоо боюнча  

1. Кесиптик билим деңгээли:

– “Гуманитардык илимдер” жаатында юриспруденция багыты боюнча жогорку кесиптик билим:

  2. Стажы жана иш тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат жана муниципалдык кызмат стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес, тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш стажы 3 жылдан кем эмес;

3. Кесиптик компетенциялар:

3.1. Билүү:

–  Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;

–  Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодекси;

–  Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси;

 – Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодекси;

–  Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

-“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзам;

-“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

 -«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»;

-“Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”;

-«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;

-«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2015-жыл 26-июнь  №5389-V “Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө» токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:

-«Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускама”  31-май 2017-жыл № 313;

-“Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө» 18-февраль 2012-жыл № 108;

-«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» 29-январь 2018-жыл № 56;

-2021-жылдын 6-августунда бекитилген №116 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө”.

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы  ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө”;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 30.12.2016. №308 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө жобо”;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 29.12.2021. №356 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо”
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августунда бекитилген №116 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө” токтому.

 4) Багыттар боюнча административдик кызматтардын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:

Жер көзөмөлү боюнча:

1.  Кесиптик билим деңгээли:

– “Гуманитардык илимдер” жаатында юриспруденция багыты боюнча;  “Техникалык илимдер” жаатында жерге жайгаштыруу жана кадастрлар, геодезия жана аралыктан байкаштыруу (зонддоо) багыттары боюнча; “Айыл чарба илимдери” жаатында агрономия багыты боюнча жогорку кесиптик билим:

2. Стажы жана иш тажрыйбасы:

иш стажына талапсыз.

3. Кесиптик компетенциялар:

3.1 Билүү:

–  Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары:

-«Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө»;

-«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;

-«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августунда бекитилген №116 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө” токтому.

5) Багыттар боюнча административдик кызматтардын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:

Суу көзөмөлү боюнча:

1. Кесиптик билим деңгээли:

– төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим:

-айыл чарба илимдери (суу мелиорациясы, агрономия);

-техникалык илимдер (суу ресурстары жана суу пайдалануу, гидротехникалык курулуш, суу менен жабдуу жана суу берүү, жаратылышка ыңгайлаштыруу);

-гуманитардык илимдер (юриспруденция).

2. Стажы жана иш тажрыйбасы:

-иш стажына талапсыз;

3. Кесиптик компетенциялар:

3.1. Билүү:

– Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси;

–  Кыргыз Республикасынын Суу кодекси;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

-«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:

-«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» 29.01.2018. №56;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августунда бекитилген №116 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө” токтому.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер кагаз тигилүүчү папкаларга салынып берилет: 

-форма боюнча жеке арыз;

-түстүү сүрөт (3х4) кадрлардын учету боюнча өздүк барак;

-автобиография (соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

-форма боюнча сүрөтү менен резюмеси;

-паспорттун көчүрмөсү (өздүгүн тастыктоочу паспорттун же документтин түп нускасы конкурска келгенде, ошондой эле тестирлөөдөн өтүү этабында көсөтүлөт);

-нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

-нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

-окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

– аскердик билетинин көчүрмөсү.

– соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү боюнча тастыктама

          Документтерди тапшыруу мөөнөтү жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде (2023-жылдын 22-мартынан 31-мартына чейин) Бишкек шаары, Киев көчөсү 96 “Б”  дареги боюнча 709 каб. (Укуктук камсыздоо, персоналды башкаруу жана  аналитикалык иштер боюнча бөлүм) кабыл алынат. Сынакка катышуу үчүн документтер Чүй проспекти-315, 907- кабинетте кабыл алынат (Укуктук документтик камсыздоо, жана персоналды башкаруу боюнча бөлүм), телефон аркылуу маалыматтар: 62-16-45
Эскертүү: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

Конкурска киргизилген талапкерлерге чакыруу жиберилет.

Show More
Back to top button