Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү иштери 48280 га жүргүзүлдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү иштери 48280 га жүргүзүлдү

Кыргызстанда зыянкеч чегирткелер жыл сайын айыл чарбасына жана жалпы экономикага зыян келтирүүдө потенциалдуу коркунуч туудурат, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуусуна коркунуч жаратып келет.

 Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан жыл сайын жүргүзүлүп жаткан зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү иштери – чегирткелердин айыл чарба өсүмдүктөрүнө жана жайыттарга зыян келтирүүсүн алдын алат.

2023-жылдын 1-августуна карата Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери тарабынан 76 360 гектар аянтта зыянкеч чегирткелердин очокторун өз убагында табуу жана аларга каршы күрөшүү чараларын өз убагында жүргүзүү максатында, пландык кеңири масштабдуу изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, жалпы республика боюнча 51 174 гектар аянтта чегирткелер чыкканы аныкталды, а. и. Жалал-Абад облусунда – 14 000 га, Баткен облусунда – 17 900 га, Чүй облусунда – 4380 га, Ош облусунда – 6500 га жана Нарын облусунда – 8394 га.

2023-жылдын 1-августуна карата зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү иштери жалпы 48 280 гектар аянтта жүргүзүлдү (чегиртке аныкталган аянттын 94 %ы), а. и. Жалал-Абад облусунда – 14 000 га, Баткен облусунда – 17 600 га, Чүй облусунда – 4380 га, Ош облусунда – 6500 га жана Нарын облусунда – 5800 га.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Чүй облусунда иштетүүлөр жыйынтыкталды жана химиялык иштетүүлөр Нарын облусунун Ак-Талаа (Баетов айыл округуна караштуу Арпа жайлоосу) жана Ат-Башы (Ат-Башы жана Ак-Моюн айыл округдарына караштуу Сарыгоо участогу, Бишкек-Торугарт автомагистралын бойлой) райондорунда 6 уучачуучу Микронер УМО аппараттары менен жүргүзүлүүдө, жана иштетүүлөр жакынкы күндөрү аяктайт.

Маалымат үчүн. Республикабызда үйүрлүү (тобу менен жүргөн) чегирткелердин ичинен марокко чегирткеси (лат. Dociostaurus maroccanus) жана италия чегирткеси (лат. Calliptamus italicus) деген эки түрү кездешет. Аталган эки түр башка чегирткелерден төмөнкү белгилер менен айырмаланат:

– үйүрлөрдү түзүп өтө чоң аянттарга таркалып, айыл чарбасына олуттуу зыян келтирет;

– алыс аралыкка учушат (1 күндө 100 км аралыкты учуп өтүүгө жөндөмдүү);

– өтө сугалак (салыштырмалуу 500 миң чегиртке бир күндө 2500 адамдын тамагын жейт) жана төлчүл (бир ургаачы чегиртке 40-80 жумуртка таштайт).

Кыргызстанда чегирткелердин негизги очокторунун айыл чарба өсүмдүктөрүнө, жайыттарга жана калктуу пункттарга жакындыгы, алардын очокторунун татаал тоо рельефинде жана көптөгөн участоктордун кыйынчылык менен жетчүү жайларда жайгашкандыгы – чегирткеге каршы күрөшүү иш-чараларын жүргүзүүнү татаалдантат жана кошумча кыйынчылыктарды жаратат.

Show More
Back to top button