Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Балчылыкты өнүктүрүү боюнча алгачкы республикалык конференция өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Балчылыкты өнүктүрүү боюнча алгачкы республикалык конференция өттү

2024-жылдын 31-январында, балчылыктын институционалдык өнүгүүсү үчүн өлкөнүн бал тармагынын өкүлдөрү менен биргеликте алгачкы республикалык конференция өттү.

Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары М.А. Алияскаров, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, донорлор, жеке аарычылар жана аарычылык тармагына кызыкдар тараптар катышты.

Конференция аарычылардын, мамлекеттик органдардын, агрегаторлордун жана экспортерлордун аянтчасын түзүп, аймактардан 160га чукул балчылар чогулду.

Панелдик сессияда бирдиктүү саясат, 2024-2030-жылдарга карата аарычылыкты өнүктүрүүнүн перспективдүү пландары, бал аарычылык кластерин түзүү жана өнүктүрүү, бал жана бал азыктарынын экспорттук потенциалы боюнча маселелер талкууланды.

Кыргызстандын Аарычылар палатасынын негизги приоритеттери болуп тармактын кызыкчылыгын коргоо, ишмердүүлүктү координациялоо жана экологиялык таза продукт катары кыргыз балынын брендин илгерилетүү аркылуу балдын жана ага байланыштуу продукциянын экспорттук потенциалын жогорулатуу болуп саналат.

Конференция Кыргызстандын Аарычылар палатасынын жана USAIDдин Борбордук Азиядагы соода ишмердүүлүгүнүн колдоо долбоору менен биргеликте өттү.

Show More
Back to top button