Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ирригациялык тармакты жакшыртуу иштери кызуу жүрүүдө – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ирригациялык тармакты жакшыртуу иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 4-январда, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун ирригациялык системасынын абалын жакшыртуу боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Анын алкагында Панфилов, Москва, Сокулук, Аламүдүн райондорундагы бир катар ирригациялык объектилердин абалын көрүп чыкты.

Бакыт Төрөбаев “№ 2” суу сактагычынын учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышып, аны толтуруу үчүн 6 скважинаны калыбына келтирүү ишин тез арада бүтүрүү тапшырмасын берди.

Учурда долбоорлоо иштери жүрүп жаткан Ашмара суу сактагычы курула турган жерди дагы көрүп чыкты.

Ошондой эле облустун аймагында жайгашкан Агермен, Кара-Тума, Макачи, Спартак, Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтарынын, Молтобар, Ак-Суу, Шорго декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин жана “Совхозный” каналын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ирригация тармагын жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмалар берилгенин белгилеп, ага мамлекеттик бюджеттен кошумча 2 млрд сомдон кем эмес каражат бөлүнөрүн айтты.

Мындан тышкары, Бакыт Төрөбаев кооперативдерге кошулуу тууралуу пикирин билдирип, бул жерлерди суу менен камсыздоону жакшыртууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

“Кооперативдерге кошулуу бирдиктүү система түзүүгө мүмкүндүк берип, айыл чарба продукциясын экспорттоого жол ачат. Дыйкандарыбыз кооперативдерге биригишсе, бул жерди суу менен камсыздоону жакшыртуунун ачкычы болот.
Бардык райондордун акимдерине ирригация тармагына кирген объектилерди вегетация мезгилине чейин даярдоо тапшырмасы берилди”, – деди Төрөбаев.

Show More
Back to top button