Маанилүү жаңылыктар

Республикада 2020-жылдын 18-августуна карата оруп жыйноо жана күздүк себүү иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө маалымат

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн  маалыматтарына ылайык, оруп жыйноо иштери агротехникалык талаптардын сакталышы менен өз убагында белгиленген мөөнөттөрдө  штаттык режимде өтүп жатат. Жыйынтыгында, кээ бир айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянтынын кыскарышына карабастан, алардын түшүмдүүлүктөрүнүн  жана дүң жыйымдарынын  көрсөткүчтөрү өткөн жылга караганда  жогору болушу менен тастыкталууда.

         Түшүм жыйноодогу жоготууларды азайтуунун жолу  биринчиден  оруп жыйноо техникаларын туура даярдалышынан жана комбайнерлердин тажрыйбалуулугуна да байланыштуу. Экинчиден  транспорттук чынжырчанын иштешин тартипке келтирүү  жана бардык сактоочу жайлардын бүгүнкү талаптарга ылайыктуу даярдалышына байланыштуу болот.

         Ошондуктан, түшүм жыйноодогу жоготууларды азайтууда айыл чарба техникаларынын маанилүүлүгүн эске алып, министрлик тарабынан акыркы он жыл аралыгында жаңы МТСтерди түзүү жана айыл чарба техникасынын лизинг системасын өнүктүрүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күнү муниципалдык жана жеке болуп, баардыгы  100 МТС анын ичинен 10 МТС быйыл түзүлдү. 2020-жылы  250 техникага чейин лизинг аркылуу берүү пландалган, бүгүнкү күнгө 566,0 млн. сомго 231 даана  ар түрдүү айыл чарба техникалары лизингге берилди.  

         Ошондой эле, өрткө каршы коопсуздуулукту камсыздоого, айыл чарба техникаларынын тиешелүү шаймандар менен камсыздалышына  өзгөчө  көңүл бурулууда.

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу милдетине токтолсок,  сапаттуу сертификацияланган  үрөндөрдү колдонууну эске алуу зарыл. Бардык дыйкан фермерлер сертификацияланбаган үрөндөрдү колдонушкандыгы сыр эмес.

Жыйынтыгында фермерлер кыйла арзан үрөн, тактап айтканда товардык дан сатып алышат, аны тазалап себишет. Үрөн өстүрүүчү чарбалардын сертификацияланган үрөнүн сатып алганга караганда ал арзан. Бирок натыйжасы оптималдуудан алыс, анткени түшүмдүүлүк жана дүң жыйым төмөн болот, башкача айтканда эгерде жазда дыйкан жерге сапатсыз үрөндү сепкен болсо ал бир жылдык эмгеги текке кетти деп айтсак болот. Ошондуктан дыйкан фермерлерди кондициялуу сапаттуу үрөндөр менен камсыздоого катуу көзөмөл жүргүзүлөт.

         Үрөнчүлүк чарбаларды жана дыйкан фермерлерди колдоо максатында үрөнчүлүктө мамлекеттик дотациялоо системасы ишке киргизилип, көпчүлүк ири жана чакан дыйкан чарбалалрга сертификацияланган үрөндөрдү алуу жеткиликтүү  болду. Дотация системасы аркылуу сертификацияланган үрөндөр себилген аянттардын көбөйүшүнө ишенебиз. Быйылкы жылдын күздүк себүүсүнө да буудай жана арпанын үрөндөрүн дотациялоо каралган.

         Үстүбүздөгү жылы кээ бир айыл чарба өсүмдүктөрүнүн: жүгөрү,  картошка, пахта, тамеки, кант кызылча жана май өсүмдүктөрүнүн аянттары кыскарды. Мындай көрүнүш өндүрүлгөн азыктарды сатуудагы келип чыккан экономикалык көйгөлөргө байланыштуу болууда. Бирок, жогоруда айтылган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын кыскарышына карабастан түшүмдүүлүктүн жогорулашынын эсебинен жетпеген түшүмдүн ордун толуктайбыз деп болжолдоп жатабыз. Биздин божомолдор боюнча пахтанын түшүмдүүлүгү былтыркы жылга салыштырмалуу 2,0 ц/га, кант кызылчанын түшүмдүүлүгү 20,0 ц/га, тамекинин түшүмдүүлүгү 1,5 ц/га жогору болушу күтүлүүдө. Аталган айыл чарба өсүмдүктөрүнө министрлик тарабынан өзгөчө көңүл бөлүнөт. Бул өсүмдүктөрдүн аянтынын азайуусунун башкы себеби, быйылкы жылы  дан өсүмдүктөрүнүн аянттарынын көбөйүүсү болуп саналат. Өзгөчө, буудай жана арпанын  аянттары пландалган көрсөткүчтөн 20,0 миң га көп болуп, биздин алдыбызда турган өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун жогорку деңгээлге  жетүү максатына  шарт түзүлдү.

Беде (люцерна),  эспарцет сыяктуу көп жылдык өсүмдүктөрдү өстүрүү кыртыштагы органикалык заттардын балансын жөнгө салууда маанилүү фактор болуп саналат. Баарыбызга белгилүү болгондой, органикалык заттардын кыртыштын курамында сакталышы – өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүнө олуттуу таасир берет. Көп жылдык буурчак өсүмдүктөрүнүн тамырлары кыртышта калың жайылгандыктан, гумустун топтолушуна шарт түзөт.

Быйыл көп жылдык чөптөрдүн аянты 337,1 миң га жетип, өткөн жылга караганда 4,2 миң га көп болууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2020-жылдын талаа иштерин өз убагында жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү  жөнүндө” 2020-жылдын 6-февралындагы № 36-б буйругу менен  дыйкан фермерлерди мамлекет тарабынан колдоо каралган.

Мамлекеттик материалдык резервдер Фонду тарабынан белгиленген 10,0 миң тонна запастык көлөмдөгү – илешкектиги 23% түзгөн, сапаты үчүнчү класстан кем эмес буудайдын даны сатып алынат. Бүгүнкү күндө буудайдын квотасы облус, район жана айыл аймактар боюнча бөлүштүрүлгөн. КР Өкмөтүнө караштуу  Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 27-июлундагы бекитилген буйругу менен буудайдын 1 килограммына 18,1 сом өлчөмүндө баа белгиленген.  Бирок, коюлган баа төмөн деп эсептейбиз, бааны жогорулатуу  боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар менен иштерди жүргүзүп жатабыз.

“Айыл чарбасын каржылоо-8” долбооруу алкагында 4,58 миллиард сом өлчөмүндө жеңилдетилген акчалай насыялар берилди.  

Оруп жыйноонун жүрүшү жөнүндө.

Учурда бардык региондордо, быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өз убагында оруп-жыйноо максатында облустук жана райондук штабдар түзүлүп, оруп-жыйноонун графиги иштелип чыгып, ага ылайык дан жыйноочу комбайндардын  маршруттары белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн берген ыкчам маалыматтарына ылайык, 2020-жылдын 18-августуна карата республикада 175,5 миң га аянтта буудай жыйналып,  (70,9%), түшүмдүүлүк – 27,2 ц/га түзүп, бункердик салмакта 477,8 миң тонна дан  жыйналды. 2019-жылга салыштырмалуу дүң жыйым – 56,4 миң тоннага, түшүмдүлүк – 1,9 ц/га көп болду.

Жалпы – 159,5 миң га аянтта арпа жыйналып (72,8%), же былтыркыдан – 15,7 миң га көп. Дүң жыйым 391,3 миң тоннаны түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 60,7 миң тоннага көп, түшүмдүүлүк – 23,0 ц/га, же былтыркыдан 1,5 ц / га көп.

Белгилей кетүү керек, Чүй облусунда Суусамырдан башка, ошондой эле республиканын түштүк региондорунда дыйканчылык райондордо буудай, арпаларды оруп жыйноо аяктап калды.  Ал эми Ысык-Көл облусунда кылкандуу дан эгиндерди оруп-жыйноо иштерин башташты. Жалпысынан, аба ырайынын жагымдуу болуп жаткандыгынан  Ысык-Көл жана Нарын облустарында жогорку түшүмдүүлүк күтүлүүдө.

Быйыл Ысык-Көл облусунда 91,5 миң га, Нарында 24,7 миң га буудай, арпа орулат. Ошондуктан, оруп жыйноо компаниясынын динамикасын сактоо менен кар алдында калтырбай өз убагында коромжусуз сапаттуу жыйнап алуу максатында,  Чүй облусунун дан жыйноочу комбайндарын аталган облустарга  тартуу боюнча келишимдерди түзүү иштери жүрүп жатат.

Республика боюнча картөшкө – 17,4 миң га жыйналды, сунушталган түзүмгө карата 22,8  % түздү. Орточо түшүмдүүлүк  168,1 ц/га,  же өткөн жылга карата 0,6 ц/га көп. Дүң жыйым  292,0 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга карата 22,3 миң тонна көп.

Мындан тышкары, башка да айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп жыйноо активдүү жүрүп жатат. Жалпысынан, өткөн жылга салыштырмалуу, жүгөрүнүн, картошканын, жашылча-бакчанын  жана мөмө-жемиштердин да түшүмдүүлүктөрү өткөн жылга караганда өсүүсү байкалууда.

Жашылчалардын дүң жыйымы  542,5 миң тонна түздү, былтыркы жылдан 18,0 миң тоннага көп.  Ал эми бахча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 194,0 миң тонна жыйналып, 2019-жылдан 7,8 миң тоннага көп болууда. Ошондой эле мөмөлүү жемиштер дүң жыйымы  116,0 миң тонна жыйналып, 2019-жылга караганда 7,3 миң тоннага көп жыйналды.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published.

Back to top button