Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргыз-Кытай өнөктөштүгү: соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кыргыз-Кытай өнөктөштүгү: соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү

2023-жылдын 18-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри А.С. Джаныбеков Кытайдын Шэньси провинциясынын Янлинь шаарында 30-Янлинь айыл чарба технологияларынын көргөзмөсүнүн алкагында Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын жогорку даражалуу жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.  

Жолугушуу Кыргызстандын да, Кытай Эл Республикасынын да айыл чарбасын өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн маанилүү окуя болду. Тараптардын лидерлери соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында туруктуулукту камсыз кылууга багытталган бир катар негизги маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун негизги темасы иш-чаранын лейтмотиви: “Азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарбаны өнүктүрүү жаатында туруктуулукту камсыз кылуу үчүн сапаттуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү” астында болду. Эки тарап тең айыл чарба тармагында биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешип, соода-экономикалык байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:

1. Агротехнологиялар жана инновациялар жаатында тажрыйба алмашуу.

2. Айыл чарбасын модернизациялоо жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу.

3. Айыл чарба адистерин даярдоо жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташтыкты чыңдоо.

4. Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынан КЭРге айыл чарба продукцияларын жана тамак-аш азыктарын экспорттоо.

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри кытайлык өнөктөштөргө меймандостугу жана биргелешкен аракеттерге даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле эки өлкөнүн айыл чарба тармагындагы узак мөөнөттүү өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, достук мамилени чыңдоого чакырды.

Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинцияларынын жетекчилери Кыргызстандын демилгелерин колдоп, кызматташуу ийгиликтүү өнүгө турганына ишеним билдиришти.

Бул жолугушуу ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрында боло турган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Кытай Эл Республикасынын айыл чарба министрлеринин биринчи жолугушуусунун бир бөлүгү болуп саналат жана Борбордук Азиядагы аймактык туруктуулукту жана айыл чарбаны өнүктүрүүнү бекемдөө жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.

Show More
Back to top button