Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ысык-Көл форелин жана сига-лудоганы жасалма жол менен көбөйтүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Ысык-Көл форелин жана сига-лудоганы жасалма жол менен көбөйтүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү

Ысык-Көл облусунун Тоң балык өстүрүүчү заводунда балыктардын запасын, баалуу балык түрлөрүн көбөйтүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн балыктарды жасалма жол менен көбөйтүү чаралары көрүлдү.

2020-жылдын 17-ноябрында бекитилген Мамлекеттик пландоо комитетинин маалыматы боюнча, Ысык-Көл форелинин инкубациялык аппаратына 239 миң даана жумуртка уруктандырылган, ал эми 3,3 миллион даана сиги-лудоги бастырылган.

«Бул нерсе баалуу соода балык түрлөрү болгон Ысык-Көл форелинин жана ак балыктын популяциясын сактап калуу үчүн керек. Жумурткалардын инкубациясы аяктагандан кийин личинка жашоого жарамдуу баскычка чейин өсүп, кайрадан көлгө коё берилет. Бул жараян экологиялык тең салмактуулукту сактоо менен, табигый шартта балыктардын көбөйүшүнө жакшы өбөлгө түзөт », – деп белгилейт Эдил Ниязов.

2020-жылдын аягына чейин Ысык-Көл форелинин уруктанган жумурткаларын 360 миң даанага, ал эми сиги-лудогини 10 млн даанага толтуруу пландаштырылууда.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button