Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Сырттан импорттолуп кирген тирүү малдын ылаңын алдын алуу үчүн расмий түрдө карантиндик бекеттер ачылды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Сырттан импорттолуп кирген тирүү малдын ылаңын алдын алуу үчүн расмий түрдө карантиндик бекеттер ачылды

Бүгүн, 2-августа сырттан импорттолуп кирген тирүү малдын ылаңын алдын алуу үчүн расмий түрдө карантиндик бекеттер ачылды. Карантиндик бекеттердин ачылышына Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков жана министрликтин тиешелүү адистери катышты.

Республика боюнча импорттолгон тирүү мал жандыктары үчүн 4 карантиндик станция ишке кирди. Анын ичинен Чүй облусунун Панфилов карантиндик станциясы 800 башка, Сокулук жана Ысык-Ата карантиндик станциялары 600 башка, ал эми Талас карантиндик станциясы 300 башка ылайыкталган.

Карантиндик бекеттерде сырттан кирген тирүү малдар 2-3 күн кармалып, кан алынып, ылаңы текшерилет жана идентификатсиядан өткөрүлүп, кулактарына Кыргызстандын биркасы тагылат. 

Карантиндик бекеттер жеке ишкерлер тарабынан кызмат көрсөтөт. Карантиндик бекеттер менен Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги тыгыз иш алып барат жана көзөмөлдөйт.

Баса, карантиндик бекеттерде турган асыл тукум малдарды фермерлер ордунан сатып алууга зор мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button