Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Самир Бежауи: ИФАДдын Кыргызстандагы өкүлү болгонума кубанычтамын – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Самир Бежауи: ИФАДдын Кыргызстандагы өкүлү болгонума кубанычтамын

ИФАДдын Кыргызстандагы өлкөлүк директору Самир Бежауи өткөн жумада биздин өлкөгө биринчи жолу иш сапары менен келип кетти. Ал бул кызматка үстүбүздөгү жылдын май айында дайындалган.

Иш сапарынын жумалык программасына ылайык, С.Бежауи Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Эркин Асрандиев, айрым министрликтердин, АРИСтин жана Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн (APIU) жетекчилери, Кыргызстанга жардам берип жаткан эл аралык донордук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту, ошондой эле “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоору колдоо көрсөтүп жаткан Ыссык-Көл облусундагы өндүрүш ишканаларында жана Жайыт комитеттеринде болду. Аймактарга болгон иш сапарлар Айыл чарба министрлигинин, APIU жана АРИСтин өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү.

КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жетекчилиги менен болгон жолугушууларда бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.

Министрлик карантинге карабастан, республикада айыл чарбасынын өсүү темпи төмөндөбөй, жакшы динамиканы (+2%) көрсөтүп жаткандыгын белгиледи. Бир катар продукция боюнча өткөн жылдарга караганда көбүрөөк түшүм алынды.

Тараптар жайыттарды башкаруу маселелерин талкуулашты. Министрликтин жетекчилиги ИФАД жана башка донорлордун колдоосунун аркасында республикада жайыттарды башкаруу боюнча реформалар алга жылгандыгын белгиледи. Ошентсе да, жайыттарды пайдалануу, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо сыяктуу жайыт пайдалануучуларды тынчсыздандырган көйгөйлөр дагы эле бар.

Ушуга байланыштуу, ИФАДдын каражаттарынын жана ал тарабынан тартылган акча каражаттарынын эсебинен каржылана турган жаңы “Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу” долбоорунун ички процедураларынан өтүү процесси талкууланды.

С.Бежауи бул долбоорду макулдашуу боюнча ички маселелерди 2021-жылга чейин жөнгө салуу керектигин айтып өттү. Антпесе, республика үчүн берилген каражат ИФАД тарабынан колдоого алынган башка өлкөлөрдүн портфелине которулуп кетиши толук ыктымал, деди ал.

Анын айтымында, Адаптациялык фонд (БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясы боюнча Киот протоколунун алкагында түзүлгөн) аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 10 млн АКШ долларын бөлүп берүүгө макулдугун билдирген.

Министрлик Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши тарабынан жактырылышы керектигин билдирди.

ИФАДдын Кыргызстандагы өлкөлүк директору С.Бежауи жаңы долбоорду алга жылдырууга гана эмес, Кыргызстандын агрардык саясатын жана айыл чарбасын өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

С.Бежауи КР Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жетекчилигине ИФАДдын Президентинин Кыргыз Республикасы уюмга киргенден бери мүчөлүк акыларын төлөбөй жатат деген кайрылуусун жеткирди. ИФАДдын максаттарын жана милдеттерин жактагандыктын белгиси катары Фонддун пайдасына бир аз да болсо салым кошууну суранды.

КР Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жетекчилиги ИФАДдын өкүлүнө колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. “Мен ИФАДдын Кыргызстандагы өкүлү болгонума кубанычтамын. Кыргызстандын айыл чарба тармагын мындан ары өнүктүрүүгө колумдан келген жардамымды көрсөтүүгө аракет кылам”, – деп сөзүн жыйынтыктады Самир Бежауи.

Кыргыз Республикасынын ИФАД менен кызматташуу тарыхы

Кыргыз Республикасы ИФАДга (International Fund for Agricultural Development) 1996-жылы кирген. Фонддун 20 жылдан ашык убакытта Кыргызстанга салган инвестицияларынын жалпы суммасы 100 млн доллардан ашат.

Айылдык үй чарбалар, бүткүл дүйнө жүзүндөгүдөй эле, Кыргызстанда жүзөгө ашырылып жаткан ИФАДдын долбоорлорунун негизги бенефициарлары болуп саналат.

ИФАД Кыргыз Республикасы үчүн калктын жакыр жана аялуу катмарынын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө алдыңкы өнөктөштөрдүн бири болуп калды.

Кызматташтыктын биринчи этабы айыл тургундарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу менен жакырчылыкты кыскартуу стратегиясы менен аныкталды. Стратегиянын максаттары – жаратылыш ресурстарын башкарууну өркүндөтүү; калктын аз камсыз катмарынын финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн көтөрүү; айылдык микроишканаларды өнүктүрүүгө көмөктөшүү; жерге менчик укугун камсыз кылуу.

Биринчи этапта, 1996-2013-жылдар аралыгында, ИФАД Дүйнөлүк Банктын наркы 20,4 млн АКШ долларды түзгөн үч долбоорун каржылаган.

ИФАДдын Кыргызстандагы иш-аракеттеринин экинчи этабы 2011-жылы башталган. КР Өкмөтү менен макулдашылган стратегия малдын продуктуулугун көтөрүүгө, мал чарбачылык менен алектенген жамааттардын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатууга жана майда фермер-малчыларды интеграциялоону күчөтүүгө багытталган.

Экинчи этапта ИФАД өзүнүн долбоорлорун каржылайт:

1. “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоору. Аткаруу мезгили: 2013-2019-жылдар (Расмий түрдө 2019-жылдын 30-сентябрында аяктаган). Ысык-Көл жана Нарын облустарында ишке ашырылган.

ИФАДдын каржылоосу: 10 млн АКШ доллары – гранттык каражаттар, 10 млн АКШ доллары –кредиттик каражаттар. Бардыгы – 20 млн АКШ доллары.

2. “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоору. Ишке ашыруу мезгили: 2014 – 2020-жылдар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын камтыйт.

ИФАДдын каржылоосу: 11 млн АКШ доллары – гранттык каражаттар, 11 млн АКШ доллары – кредиттик каражаттар. Бардыгы – 22 млн АКШ доллары.

ИФАД жайыт пайдалануучуларды климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун иш-чараларына Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунан 10 млн АКШ доллар бөлдүрүп берген.

3. “Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоору. Ишке ашыруу мезгили: 2018–2023-жж. Республиканын бардык аймактарында ишке ашырылат.

ИФАДдын каржылоосу: 12,7 млн АКШ долл. – кредиттик каражаттар, 12,7 млн АКШ долл. – гранттык каражаттар. Бардыгы – 25,4 млн АКШ долл.

4. Учурда жаңы Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу” долбоору макулдашылууда. ИФАДдын жалпы инвестициясы болжол менен 60 млн АКШ долларды түзөт. Жаңы долбоор ишке кирсе, мурдагы долбоорлордун алкагында башталган иш-чараларга колдоо көрсөтүү улантылат.

2015-жылы ИФАД “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 1 жана – 2” долбоорлорунун натыйжалуулугуна көз карандысыз баалоо жүргүзгөн. Эки долбоор боюнча жүргүзүлгөн баалоолордун натыйжасында, алардын жайыттарды башкару реформасына кошкон олуттуу жана узак мөөнөттүү салымы, жана жайыт пайдалануучулардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө чоң таасир тийгизгендиги аныкталган.

Мындай баа ИФАДдын иш-аракеттери өлкөнүн артыкчылыктуу максаттарына шайкеш экендигин күбөлөндүрөт, анткени анын программаларында майда фермерлерге, жакыр жашаган жана аз камсыз үй чарбаларга колдоо көрсөтүү каралган.

Жайыттарды жамааттык деңгээлде башкаруу новатордук жана үлгүлүү болду деген жыйынтык чыгарылган, анткени башка өлкөлөр Кыргызстандын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкда болуп жатышат.

Маалымат үчүн: 

ИФАД 1977-жылы түзүлгөн, БУУнун агенттиктеринин бири болуп саналат, жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн айыл жерлеринде ачарчылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүүгө багытталган маселелерди чечип келет.

ИФАД зайымдар жана гранттар түрүндө түздөн-түз каржылоону камсыз кылат, өзүнүн долбоорлорун жана программаларын ишке ашыруу үчүн кошумча ресурстарды тартат. Уюмдун фонду өкмөттөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары, атайын төгүмдөр, берилген кредиттерди төлөөдөн түшкөн каражаттар жана инвестициялык кирешелердин эсебинен толукталат.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button