Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр Тилек Токтогазиев БУУнун ФАОнун регионалдык конференциясына Кыргыз Республикасынын атынан катышты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Министр Тилек Токтогазиев БУУнун ФАОнун регионалдык конференциясына Кыргыз Республикасынын атынан катышты

2020-жылдын 2-ноябрында, БУУнун ФАО аймактык конференциясынын 32-сессиясы видео конференция форматында пленардык жыйын өткөрдү. Ага Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Т.Токтогазиев катышты.

Министр өз сөзүндө натыйжалуу азык-түлүк тутумун түзүү, нарк чынжырын түзүүгө жана өнүктүрүүгө инвестицияларды стимулдаштыруу, өлкөнүн айыл чарбасындагы учурдагы кырдаал, ошондой эле айыл чарба жана азык-түлүк тутумдарынын стратегиясын өзгөртүү зарылдыгы жана Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташуусунун келечеги сыяктуу маселелерге токтолду.

Жалпысынан жогорудагы иш-чарага БУУнун ФАО мүчө-мамлекеттеринин 54 мүчөсүнөн 290 делегат, 9 байкоочу жана жеке жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышты.


БУУнун ФАО Регионалдык Конференциясынын 32-сессиясынын максаты COVID-19 кесепеттерин жана анын коомдук саламаттыкка тийгизген кесепеттерин талкуулоо болуп саналат.

Талкуунун жана кароонун негизги темаларынын бири “Европада жана Борбордук Азияда туруктуу азык-түлүк тутумдары жана ден-соолукка пайдалуу тамактануу” жана “БУУнун үй бүлөлүк дыйканчылыгынын шарттарында жаштарды, жумуш менен камсыздоону жана айылдык аймактарды өркүндөтүү” болду.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button